Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кар кыздан эмнеси менен айырмаланат, билесиңерби? Кар адегенде жатып, анан эрийт...

Кар кыздан эмнеси менен айырмаланат, билесиңерби? Кар адегенде жатып, анан эрийт...

17-декабрь, 18:48
1 357 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кардын өңү кумшекерге окшош, бирок даамы боштук сыяктуу.

(Келли Линк)


Кар жаап жаткан учурда биз өзүбүздү кайрадан бала сезип кетебиз.

(Юкио Мисима)


Кар эмне себептен ак түстө экенин билесиңерби? Себеби, ал өзүнүн өңү кандай экенин унутуп калган.

(“Восставший Лелуш” тасмасынан)


Мен карды аябай жакшы көрөм, ал мага жазында гүлдөгөн бадам сыяктуу сезилет.

(Решад нури Гюнтекин)


Майда кар – чоң борошонун кабарчысы.

(Харуки Мураками)


Карылык кар сыяктуу байкалбай келет. Эртең менен чыксаң эле сырт апапак болуп калган болот.

(Жюль Ренар)


Кар дүйнөнүн баардык кемчиликтерин жаап-жашырып турат.

(Александрина Бобракова)


Ар бир кар бүртүкчөсү асмандан түшкөн кат сыяктуу.

(Малин Кивеля)


Кар жааганда үшүбөйсүң, ал эриген кезде үшүйсүң.

(Кытай накылы)


Өлүм кар сыяктуу: ал качан жаарын билбейсиң. Кышында жаарын эле билбесек...

(Мария Парр)


Менимче, баардык эле жер суук. Керек болсо тозокко деле кар жаайт, бирок ал жерде көпкө турбайт болуш керек.

(Стивенг Кинг)


Анаксагор “кардын өңү кара” дейт. Туура айтат: суук – бул караңгылык. Муз – бул түн.

(Виктор Гюго)


Бул менин карым деп элестетсең, кол чатырыңа жааган кар жеңил боло түшөт.

(Япон накылы)


Кар сууга айланган кезде өзүнүн качандыр бир кезде кар болгонун эстээр бекен?

(Дженифер Макмахон)


Кар шаардын баткагын жаап-жашыруу касиетине ээ, атүгүл эң балит кварталдар да кар жаганда кооз боло түшөт.

(Марк Леви)


Алгачкы карда кандайдыр бир касиет, табышмак сыр бар. Ал сүйүшкөндөрдү жолуктуруп, ызы-чууну басайтып, көлөкөлөрдү узартып, издерди жашырат.

.Несбё)


Менин кайгым кардан жасалган.

(“Кардын каары” ырынан)


Кар кырк күн жаап, бир күндө эрийт.

(Чыгыш накылы)


Бир кар бүртүкчөсү кар көчкүнү пайда кылышы мүмкүн.

(Станислав Ежи Лец)


Жер кар астында жатып таттуу түштөрдү көрөт, жаз келген соң ал түштөр чындыкка айланат.

(Фэн Цзицай)


Эгер Кудай каргаларды жаратпаганда кардын эч бир кызыгы болмок эмес.

(Жюль Ренар)


Кар кычырап атабы же калчылдап атабы?..

(Ольга Туркина)


Биз өзүбүздүн кумирлерибизди кардан жасап алабыз да, алар эрип кетсе ыйлайбыз.

(Вальтер Скотт)


Ырлар кар болуп асмандан түшөт.

Сергей Губерначук)


Кар гана айдын нуруна жалт-жулт этет.

(Иккю Содзюн)


Ылайы жок кар калпы жок жашоо сыяктуу.

(Владимир Высоцкий)


Кышында кар жок болсо баардык нерсе жетим сыяктуу болуп көрүнөт.

Екатерина Вильмонт)


Зыкым кыш кээде бизден карын да аяп коёт.

(Константин Кушнер)


Кар – бул ыр. Көз жоосун алган ак ыр.

(М.Фермин)


Кар... Башкача кылып айткандабалалык... Башкача кылып айткандабакыт.

(Эмиль Мишель Чоран)


Кайда жааганды кар өзү чече албайт.

(Мистер Муси анимесинен)


Кар жүрөгү муздак кишилер үчүн. Жүрөгү ысык кишилер деңиз боюнда жашашат.

(Пол Клермон)


Кар омурткасы сынып атканы үчүн “кырс-кырс” этип үн чыгарарын билесиңерби?

(Анна Бове)


Атүгүл эң катуу борошо да бир кар бүртүкчөсүнөн башталат.

(Сара Рааш)


Алгачкы кар керемет нерсе да, ал мурда жааган эски карлардын баарынан жакшы.

(Астрид Линдгрен)


Кар ак деңиз сыяктуу, адам ал деңизге чыкканда дүйнөдөгү баардык нерсени унутуп коюшу мүмкүн.

(Д.Фитч)


Ичимде жеңилбес, багынбас жай бар экенин мен ызгаар кышта гана билдим.

(Альберт Камю)


Алгачкы кар ууз сүйүү сыяктуу: эстен кеткис, күтүүсүз, таза...

(Ольга Туркина)


Өзүңдүн эшигиңдин астындагы карды тазалабай туруп, “кошунанын чатырында эмнеге кар жатат?” деп наалыба.

(Конфуций)


Мен кышындагы муздак жамгырды баарынан жакшы көрөм. Жамгыр карга айланган кезин жактырам.

Юкито Аяцудзи)


Сен жашаган шаарга кар болуп жаап калсам кана!.. Айтор, сени менен бир болсом эле болду эле...

(Эльчин Сафрали)


Кар кыздан эмнеси менен айырмаланат, билесиңерби? Кар адегенде жатып, анан эрийт...

(Тамила Нальгиева)


Эриди кышкы кар. Жарк дей түштү жадагалса жылдыздар да.

(Кобояси Исса)


Кар – бул Жараткандын балит дүйнөнү таза кылууга жасаган аракети.

(Мехмет Мурат Ильдан)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер