Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Статком: Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көбүрөөк

Статком: Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көбүрөөк

30-ноябрь, 11:53
1 474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору экени аныкталды. Бул туурасында улуттук статистика комитети билдирди.

2020-жылы ар кандай жумуштарда эмгектенгендердин арасында жогорку кесиптик билими бар аялдар 28 пайызды, эркектер 19 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда орто билимдин ээлери 17 жана 8 пайыз болгон.

Быйыл (2020-2021-окуу жылы) жогорку окуу жайларга тапшырган студенттердин арасында кыздар 52 пайызын ээлесе, орто кесиптик окуу жайларына киргендер 56 пайызга жеткен. Алар билим берүү, кеңири керектелчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерге басымдуулук кылышат.

Ал эми эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика менен байланышкан кесиптерди тандашат. Мындан сырткары, аспирантурада окугандардын арасында 60, докторантурада 69 пайызы аялдар экени белгиленген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер