Күйөөм Москвадан үйлөнүп алыптыр, эми кандай күндү көрөм?
Сөздүн ачыгы – күйөөм Москвадан үйлөнүп алыптыр. Аны мен 1 жылдан кийин билип атам. Кызыгы, аны үйдөгүлөр кайнатам-кайненемдер, туугандардын баары билишчү экен. Күйөөмдүн кеткенине 2 жылдан ашты. Колумда 3 балам бар. Мен бул жерде балдарды карап, ата-энесине кызмат кылып жүрсөм, күйөөм жаш аял алып, балалуу болгонго жетишиптир. Уккан кулагыма ишене албай шок болуп отурам. Муунум калчылдап эле азыркыга чейин ойлонуп, ой түбүнө жетпей атам. Акыры силер менен кеңешип, иш кылууну туура көрдүм. Мен эми каякка барам? Кайсы күндү көрөм, балдарымчы? Мен төркүнүмө баргым келбейт, апам жок, өтүп кеткен, атам, жеңем бар, келиним бар. Ошон үчүн шаарга эле барып, квартирага чыгам го. Мен бул жерде жашабайм. Күйөөмө чалсам такыр албай акыры номерин өчүрүп жаны тынды... Ал катыны келсе, ушул үйгө келсе, мен карап турамбы? Колунда бар адамдардан жардам сурайм. Суранам, жардам кылыңыздар, эч нерсе оокатым жок, квартира жок, издешим керек. Катып жүргөн 2000 миң сом акчам бар, буйурса ошону квартирага берем. Же кимде квартира бар? Жашап турууга мүмкүнбү? Сиздерден кичине болсо да жардам күтөм суранам. Менин номерим: 996700910024 же единица менен салсаңыздар чыгарып алам...
aiym_syry.kg