Ымыркайдын чымындай жаны периште болуп учуп кетти
Кечээ эле жарык дүйнөгө ата-энесин күттүрүп келген ымыркай кайрадан жерге берилди. Чымындай жаны периште болуп учуп кетти. Тогуз ай бою күткөн эненин жүрөгү кантип зыркырабасын?! Ак жаздыгы ар бир түнү жашка сууланып, эмчегинен дирилдеп сүт агып, ботосун жоготуп боздоп калды.
Тогуз айга жетип, ден соолугу чың, жакшы салмак менен жарык дүйнөгө келген ымыркай төрөтканадан келгенден кийин эмчек эмбей, азыраак чыргоологонунан эне байкуш санааркап ооруканага алып жөнөгөн.
“Балким мындай кылсам, дем салдыра койсом баламдын чымындай жаны аман калат беле?..” деп эне байкуш бармак тиштейт. Үшкүрөт.
Ооруканага баргандан кийин эле баланы вакуумга жаткырып, анан түркүн диагноздорду коюп, күчтүү антибиотиктерди сайып, “акча бере салабы...” деп акча үмтөткөн, акырында ымыркайдын чарчап калганын угузган дарыгерлердин ишин эне башынан элестетип, кайра эле ичинен сыздайт.
Сыртта суук кыш. Ымыркай кудум бүрү ачылбай, суукка үшүп кеткендей болду. Бул кыштын ызгаар суугубу, же адамдардын ачкөздүгүнүн, кайдыгерлигинин, жандүйнөлөрүнүн ачкалыгынын суугубу?..
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити