Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөгү сонун адам менен боло албай...

Жүрөгү сонун адам менен боло албай...

17-август, 12:02
1 111 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саламатсыңбы! Кош майрамдарың менен! - Күтүлбөгөн жерден баракчама кат келди. 

-- Жакшы, рахмат, өзүңүз?

Ошол боюнча башка күнү сүйлөштүк. Ал учурда мен үчүн маанилүү эмес элеңиз. Мен үчүн баары бир эле. Жооп бергим келбей жатып жазчумун. Ага карабай тез-тез жазып турдуңуз. Жактырып калганыңызды айттыңыз. Анда деле маани берчү эмесмин. Азыр ошол күндөр кайрылып келсе кана! 

Күндөн-күнгө жакындап, менин дүйнөмө кире баштадыңыз. Ошол кездерде сиздей аяр караган, мени жакшы көргөн жигит жокко эсе эле. Башка жигиттер менен салыштырганда асман менен жердей айырмачылык бар эле. Бирок, жашыбызда да ошондой чоң айырмачылык бар болчу. Сизди ушунчалык жакшы көрүп калганымды да билбепмин. Мен ишенген, мен сүйөнгөн, мен болочок жолдошум катары элестеткен адам элеңиз. 

Бир күнү кайрадан чалдыңыз:

-- Экөөбүз жолугушубуз керек.

-- Тынччылыкпы?

-- Тынч эле.

-- Айта бериңизчи, чый-пыйымды чыгарбай?

-- Сен жапжаш, супсулуу, акылдуу кызсың...

-- Анан?..

-- Окууңду аяктасаң, сөз жок өз бактыңды жолуктурасың... - түүт... түүт... телефонду басып салдым. Мага бакыт каалап, тез арада үйлөнүшүң керек экенин, үйүңдөгүлөр тойго даярданып жатканын жаздың...

Тоюң болгонун да уктум. Адамдарга таңгалам. Анда неге жүрөгүмдү жаралады? Мен үчүн ушунча убактысын коротту? Жашоону да тасмадай кылып кыскартып, кыркып сала турган болсо, мен бул күндөрдү жер менен жексен кылмакмын. Бирок, андай болбойт экен. Мен бой жетип калгам. Сиз аны түшүнгөн жоксуз... Сонун адамдын жүрөгүндө болуу да керемет экенин кеч түшүндүм...

Зарина

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер