Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Таң эрте ойготтуң” деп короз менен урушканын сагындым...

“Таң эрте ойготтуң” деп короз менен урушканын сагындым...

02-ноябрь, 09:00
565 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн мүрзөсүнө барып куран окуттук. Эстеликтеги атын окудум. Каза болгонуна дале ишене албайм. “Чай ичебизби же жокпу?” деген сөзүн сагындым. “Таң эрте ойготтуң деп короз менен урушканын сагындым. Эшиктин алдында жүгөрү чыгарып отурган элесичи?..

Көптөн бери бөлмөсүнө кире элекмин. Төшөктөрүн сыртка алып чыгып жайдым. Кийимдерин жууп, үтүктөп, ордуна кайра койдум. Кайнежелерим “бөлмөнү бошотуп, керексиз нерселерди ыргытып койбойсуңбу” дешкен. Колум барбады. Кайненемди сагынганда ушул жерге келип китеп окуп жатам. Жыты бар.

Дарылардын аты, врачтар койгон диагноздору жазылган кагаздардын ичинен бир барак таап алдым. Кат экен. Кыязы, көз айнеги жок жазган окшойт, сөздөрү өйдө-ылдый экен.

“Бул оору мени алып тынат окшойт. Жеңилдим. Күрөшкөнгө алым калбады. Балдарымды деле кыйнап койдум окшойт. Алар го мейли, өз турмуштары менен алаксып кетет. Мобу келиниме кабатырмын. Боорукер неме мени жоктоп ыйлай берип соолуп калбаса экен. Жанагы киносун көрсө эле ыйлайт. Жүдөтүп жөн отургузчу эмесмин. Эми эмне кыларын билбей зеригет. Бир жумуш берип койсомбу?.. Бул баары бир ыйлайт. Ооруп калбаса экен.

Уктагандан корком. Турбай каламбы? Анүстүнө көп нерсени унута баштадым. Карылыкка алдырдым окшойт. Бир жолу рахмат айтып койсом болмок экен. Мени андайга үйрөтүшпөптүр.

Келиним, кызым, алтыным... Бөлмөмө киргенге ашыкчу элең, кызыгып бул катты дагы таап чыгарыңа ишенем. Кийимдеримди дагы жууган болушуң керек. Тим эле койсоң болмок. Мен сага ыраазымын. Бетиңе айта албадым. Жакшы көрүп урушуп жатканымды билчүсүң ээ? Күлүп турат элең. Ары тур дегениме карабай катуу кучактаганың жагат эле.

Акыркы күндөрү сен жанымда болдуң. Рахмат! Кийимдерим таза, курсагым ток, башым жуулган болуп көз жумам. Рахмат! Кайнежелериң келипбөлмөмдү бошото бер деши мүмкүн. А мен билем, сен антпейсиң. Жакин менен урушканда кайда жатарыңды билем да.

Бирөөнүн кызын жакшы көрүп калам деп эч ойлобогом. Кыздарымдан артык кыз болдуң. Кайненең сага ыраазы! Батамды берем. Бактыңды тилейм. Көз айнегимди жерге түшүрүп алдым. Медайым келсе алып берет. Сен келгиче дагы көп нерсе жазайын дедим эле, көрбөй жатам...”.

Катты кучактаган боюнча ыйлап жаттым. 


"Азия Ньюс" гезити   

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер