Ажырашкандардын катарын толуктагым келбейт, бирок чыдабай баратам


Турмушка чыкканыма төрт ай болду. Сүйлөшүп жүрүп эле баш кошконбуз. Бирок күйөөм бирөө менен жашап, андан баласы бар экен. Үйлөнөрдө жалдырап жатып алган. “Мен сенсиз жашай албайм” деп айтчу. Азыр болсо “сени бирөө кармап атабы, каалaган жагына бар” дейт. Мурдагы аялы менен сүйлөшөт окшойт азыр дагы. Кантип алданып тийип калганымды, кайсы тагдыр мени ушуга туш кылганын билбейм. Колу да тие баштады. Инстаграмдан кыздарга жазганын көрүп калдым. “У тебя такие красивые глаза, у тебя офигенная фигура” деп жаза бериптир. Билбейм эмнеге андай кылып жатат? Коркутуп да, жалдырап да көрдүм, болгон жок. “Каалaганыңды кылчы?” дейт. Азыркы мезгилде ажырашуулар көп. Алардын катарын толуктагым келген эмес. Көбүнчө эркектер күнөөлүү...
Адинай











