Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыркы күндөрү кайнатамдын көз артканынан корко баштадым

Акыркы күндөрү кайнатамдын көз артканынан корко баштадым

25-март, 20:01
1 280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Турмушка чыкканыма 4 жыл болду. Бир балабыз бар. Азыр жолдошум иштегени Англияга кеткен. Мен болсо кайын журтум менен чогуу жашайм. Бир күнү өз бөлмөмдө жатканымда, үйдө эч ким жок учурда кайнатам кирип келди. “Адашып кирип алган го” деп ойлоп, анча көңүл бурган эмесмин. Бирок кийин кайненем жок кезде бөлмөмө улам-улам кире баштады. Акыркы күндөрү анын көз артканынан корко баштадым. 

Акыркы жолу ичимдик ичип алып, үйдө эч ким жокто мага тийишти. Абдан коркуп кеттим, жүрөгүм түшүп, араң качып чыктым. Ошондон кийин үйдө жалгыз калуудан коркуп калдым. Азыр үйдө эч ким жок болсо, сыртка чыгып кетем. Үйдө бирөө болсо экен деп тиленип кирем. Өзүмдүн төркүнүм Ошто жашайт, биз Бишкектебиз. Жолдошум дагы 6 айга иштегени кеткен. Ага айтсам ишенбей коёт гоМындай абалда жашоо да оорлошот экен. Эми эмне кылышымды билбей турам.


Зарина

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер