Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султан Раевдин роман-метафорасы

Султан Раевдин роман-метафорасы

01-октябрь, 13:46
3 891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ХХ кылымда кыргыз адабияты соцреализмди өздөштүрүп, коммунизмди курууга белсенген оң каарман жаратуу менен алек болду. Адабият мамлекет тарабынан каржыланып, бийликтин көзөмөлүндө турду. Ал эми дүйнөлүк адабият  тарыхый өнүгүүнүн кан жолуна түшүп, адам аң-сезиминин түпкүрдөгү туңгуюктарына чейин “чалгындоо” жасаган З.Фрейддин психоанализ теориясынан кийин адамды,  коомду, заманды реализм ыкмасынан башкача чагылдырган жаңы формаларды таап, дүйнөнүн жаңы моделин жараткан модернизм, экзистенциализм, магиялык реализм, постмодернизм сыяктуу жаңы көркөм ыкмалар, философиялык агымдар пайда болуп, өз нугу менен өнүгүп жатты. Буржуазиялык коомдун “бузуку” көрүнүштөрү катары бааланган бул агымдардан кыргыз жазуучулары жаа бою качып, алардын атын укканда “үркүп” турушкан. Ушундай жапырт жерүүгө карабай Кубатбек Жусубалиев Джойсту, Кафканы туурап жазып, эксперимент катары модернизмди кыргыз “топурагына” көчүрүп келүүгө аракет кылган. Соцреализмдин канондорунда тарбияланган биздин калемгерлер “Кубат апенди болуп, айнып калган го” дешип өгөйлөп, Жазуучулар союзу болсо китептерин чыгарбай, басмалар андан идеялык ката издешип, шек санап турушкан. К.Жусубалиев ушундай моралдык кысымга алынып жатканда кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбеков калыс сөзүн айтып, коргоп, колдоп чыгыптыр.  Ал эми белгилүү котормочу, сынчы жана акын Аман Токтогулов К.Жусубалиевдин “Толубай сынчы” аттуу китебин рецензиялап, жоопкерчилигин мойнуна алып, жарык көрүшүнө көмөктөшкөн экен. Жакшынын шарапаты деген ушул эмеспи,  андай ажат ачкан иштер жерде калбайт, мына 40-50 жыл өтсө да канааттануу менен сөз кылып жатабыз. 

Ошентип коммунисттик идеологиянын “коругунда” бапестеп багылып,  модернизмдин, экзистенциализмдин атын укканда “кошкуруп” турган жазуучуларыбыз эгемен өлкө болуп, демократиянын желаргысы келип, сөз эркиндигине жеткенден кийин деле дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктаган бул агымдарды өздөштүргөнгө аракет кылышкан жок. Алар баягы эле көнүп калган соцреализмдин “эски”обонуна салып, жаңы заманды “ырдоого” аракет кылышууда. Анткени ал агымдарды өздөштүргөнгө биздин калемгерлердин көпчүлүгүнүн талант кудурети да, интеллектуалдык даярдыгы да жетмек эмес. Дж.Джойс да, Ф.Кафка да ХХ кылымдын башында илимдеги чоң ачылыш болгон З.Фрейддин психоанализ теориясына таянып, дүйнө чагылдырунун жаңы формасын иштеп чыгышкан. Алар өздөрү жашаган ырайымсыз кооомду, ташбооор, карамүртөз, жандүйнөсү көңдөй кишилердин  галереясын жаратып, аны “ой агымы” деп аталган жаңы ыкма менен  чагылдырышкан. Эгер реалисттик адабият “типтүү каарманды, типтүү кырдаалда” ырааттуу сүрөттөсө, модернисттер жеке кишинин субъективдүү стихиясын,  чакчелекей түшкөн ички дүйнөсүн, аң-сезиминин тереңиндеги процесстерди  “кармап” көрсөтүүгө умтулушат. Себеби, модернизмдин каарманы өзүнүн аргасыздыгы, алсыздыгы менен конкреттүү душманга же коомдук системага эмес,  түбүң түшкүр абсурд дүйнөгө каршы турат. Советтик типтеги жазуучуларга бул  албетте жат көрүнүш, турмушту мындай сүрөттөө алардын үч уктаса түшүнө кирбейт. Ошентсе да карама-каршылыктуу жүргөн демократиялык процесстер адабиятка өз таасирин тийгизип жатканы айрым калемгерлердин эркин ойлонгон, руханий-интеллектуалдык  изденүүлөрүнөн “жарк” этип көрүнө калууда. Муну жазуучу Султан Раевдин “Жанжаза” романынын мисалында көрсөтсөк болот. Бул роман А.Эркебаев, О.Ибраимов, К.Ибраимов, О.Сооронов, Э.Нурушев сыяктуу  адабий сын шааларынын назарына түшүп, азыркы адабияттагы жаңы көрүнүш катары бааланган. Ал эми М.Апышев, А.Муратов, О.Шакир сыяктуу жазуучулар талашка жем таштаган кайчылаш пикирлерин айтышып, окурмандардын бүйүрүн кызытты. Орус, казак, түрк тилдерине которулган бул роман Николай Анастасьев, Мурат Ауэзов өңдүү үлкөн адабиятчылардын оң баасына арзыган. Ошентип кыргыз адабиятында эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия романында жаңы сөз катары бааланып жаткан  чыгарманын сыры эмнеде?             

ХХ кылым соцреализмдин канондорунда,  нормативдик эстетиканын алкагында жаралган адабият менен жыйынтыкталып, кыргыз адабиятынын жаңы доору  баяндоо формасын түп-тамырынан бери өзгөрткөн жаңы стиль,  көркөм ой жүгүртүү системасын  жаңылаган С.Раевдин “Жанжаза” романынан башталып отурат. Сөз эркиндиги колго тийгенден кийин калемгер бардыгын жазышты: криминалдык окуялар, эротика, санжыра, тарых, детектив, бульвардык  чыгармалар гезит бетин бербейт. Айтор, жазуучулардын калеми тийбеген тема калган жок. Көрсө, кеп материалда, же темада, же жанрда эмес экен. Жаңы сөз айтыш үчүн турмушка, окуяларга, адамдарга карата мамиле, көз караш өзгөрүш керек экен, көркөм ой жүгүртүү жаңыланыш керек экен. Муну С.Раевдин романы далилдеди. Турмушту метафоралуу чагылдырган бул роман анын көп жылдык чыгармачылык  изденүүлөрүнүн жемиши. Акыркы отуз жылдагы тарыхты, коомду ой элегинен өткөрүп, кыргыз адабиятынын нускалуу салттарына таянып, дүйнөлүк адабияттын өнүгүү тенденцияларын аныктаган экзистенциализм, постмодернизм сыяктуу философиялык агымдардын тажрыйбаларын терең өздөштүрүп, кыргыз романынын форма, мазмун, образдар системасын түп-тамырынан бери жаңылап, адам өмүрүнүн, дүйнөнүн абсурд маңызын ачып берген чулу концепцияларды жаратуу менен азыркы дүйнөлүк адабияттын алптары Харуки Мураками, Орхан Памук,  Кадзуо Исигуролор жараткан  көркөм эстетикалык ачылгаларды, романдын мозаикалуу жаңы формаларын Султан Раев толуктап, байытты. Ал турмушту кооздобойт, көркөмдөбөйт. Зомбулук, жапайылык,  жакырчылыкты, чириген коомду символ, деталдар, метафора, мифтер менен терең ачып көрсөтөт. Эмесе кеп кезеги менен болсун. 

90-жылдардагы кризис бейкапар элдин жашоосун бузуп,  эл уйкудан чочуп ойгонгондой эле дендароо абалда калган. Айрымдар үчүн мындай оор абал тозоктун тозогуна айланган. Баягы бейпил турмушу менен коштошкон замандаштын качан бүтөрү белгисиз кризистик абалдан көңүлү үч көчкөн журттай калып, элдин эсин эки кылып, капыл-тапыл кирип келген капитализм калктын жашоо шарты менен кошо мүнөзүн, психологиясын да өзгөрткөн. С.Раевдин романынын каармандары А.Акаев “приватизация” деп шылтоолоп 70 жыл бою кашыктап чогулган өлкөнүн байлыгын чөмүчтөп чачып, миңдеген мамлекеттик обьектилерди талоонго берген мезгилдин, А.Жумагулов, Т.Чынгышов сыяктуу өкмөт башчылары “азыркы учурда аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деп ураан чакырып,  ууруларга, өлкөдөгү коррупцияга кенен жол ачып берген учурдун, К.Бакиев балдары, бир туугандары менен Кыргызтанды тоногон замандын  курмандыктары. Алар элди сызга отургузуп, итке мингизип жакырлантып,  өлкөнү карызга белчесинен батырып, ыплас, бузулган, криминалдашкан, коррупциялашкан коом куруп, элдин шоруна калды. Жут куруткан көөсөрлөрдүн шылуундук иштери жөнүндө “Кыргызстанда акыркы жылдарда пайда болгон жапайы магнаттар, синдикаттар, банкирлер, гангстерлер, босстор прихватташтырып алган менчиктерин “Сыдык ата”, “Абдыш ата”, “Дордой ата”, “Кулун ата”, “Оберон”, “Хан Ормон”, “Хан Шабдан”, “Аристократ”, “Аквилон”, “Вавилон”, “Монарх”, “Империал”, “Адмирал”, “Лондон”, “Египет”, “Инексим банк”, “Меркурий банк”, “Толубай банк”, “Аман банк”, “Казбек ата” мурдагы президенттер баш болуп мамлекетти уурдап сатканы аз келгенсип карапайым калкты атканы кайсы статьяга жатат?” (“Кыргыз Туусу” 02.09.2011) деп Кыргыз Эл жазуучусу Эрнис Турсунов күйгөнүнөн жазбадыбы. 

Коррупцияга белчесинен баткан “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген башаламан бийликтин заманында кыйчалыш тагдырга кабылып, өктөлүү өмүрүн уттуруп,  алдатып, психикалык дартка чалдыккан романдын каармандары оорукчан болушса да, күнөөлөрүн моюндарына албай кызылдай калп айтып, бети чымырабай басып жүрүшкөн А.Акаев, А.Жумагулов, Т.Чынгышев, К.Бакиевдерге караганда уят-сыйыты, абийири бар адамдар экен. “Белчебизден баткан күнөөбүздөн арылабыз” дешип “Ыйык жерди” издеп узак сапарга чыгып, жол азабын, көр азабын тартып отурушат. 

Романда окуя кыргыз жергесинде башталып, ээн талаа-эрме чөлдө бүтөт. Чыгармадагы каармандардын прототиптери да,  окуялардын протосюжеттери да бар. “Коюу каш” дегенде албетте А.Акаев көз алдыга тартылат, же ханзада ашык  болгон чырайлуу кызды психиатрия ооруканасына зордоп жаткырып, падыша уулуна кошуна өлкөнүн президентинин кызын алып бергени, А.Акаев баласына Н.Назарбаевдин кызын алып берген тарыхый окуяны эске салат. Чырайлуу кыздын ооруканага күч менен жаткырылышы, “кара колкап” кийген жасоолдордун Таис Афинскаянын үйүн тинтип келишине А.Акаев, К.Бакиев  заманындагы  авторитардык бийлик протосюжет болуп берген. Коррупциялашкан, улуттук дөөлөттөр жоголуп, маңкуртташкан коомду автор ичкериден терең изилдеген. Романда окуя өткөн психиатриялык оорукана – бузулуп, абсурдга айланган коомдун модели. 90-жылдардагы экономикалык кризис, кылмыштуулуктун күчөшү жумушсуздуктун көбөйүшү менен өлкөдө нравалык, идеологиялык, социалдык-психологиялык климат өзгөрүп,  коомдо руханий- ыймандык кризис башталган. Жашоо ыңгайынын өзгөрүшү, каардуу капитализмдин катаал шарттарына социализмдин гумандуу моралдык-нравалык принциптеринде тарбияланган ыймандуу муун көнө алган жок. Күтүүсүз болгон социалдык катаклизмдерден жандүйнөсү жабыркаган оорулуу коом пайда болду. Нравалык кризистин эң жаман көрүнүшү акылынан айныгандар, булар ошол коррупциялашкан бийликтин курмандыктары. Романда жиндикана бекер сүрөттөлгөн эмес,  себеби реалдуу абал ошондой. Ырасында эле нарктуу каада-салттарынан кол жууп,  улуттук кыртыштан ажырап, бузулуп, маргиналдашкан  коом – бул жиндикана. Себеби, психикалык оорулар жакыр өлкөлөрдө тамырлап, жайылып, тереңдеп кеткен  социалдык проблемалардан улам пайда болору илимде такталган. Психикалык оору – бул социалдык оору. С.Раевдин романы ошол оор илдетке кабылган,  бул илдет нормалдуу көрүнүшкө айланган коомду жиндикананын жана жин ооруга чалдыккан кишилердин образдары аркылуу берген. Бул образ автордун табылгасы. Анткени ал моралдык саламаттыгы чың, таза коом кантип бузулганын, кандай дартка кабылганын терең изилдеп, оорулуу коомдун тамырын кармап, туура “диагноз” койгон. Шал бийлик, “кризис” деген айыкпас илдетке чалдыккан  бечел экономика өлкөнү социалдык оорулардын очогуна айлантты. Кылмыштуулук,  наркомания, диний фанатизм, экстремизмдин көбөйүшү, жанкечтилик, жашоодон үмүт үзүп, максатсыз каңгып калган селсаяктардын, кайырчылардын, аягы суюк шуркуялардын шаарларды каптап жамырап кетиши, наристелерге көрсөтүлүп жаткан зомбулук, жүз миңге жакын мигранттардын балдары асыранды болуп, эне-ата мээримин көрбөй томсоруп, жандүйнөсү жабыркап чоңоюп жатышат. Мына ушулардын баардыгы жыйылып келип, социалдык кризистин тереңдеп кеткенин далилдеп турат. Автор романында бүгүнкү күндүн мына ушундай талуу жерлерин  ичкериден терең талдоого алып, жалпылаштырып, жети каармандын трагедиялуу тагдыры аркылуу берген. 

Романда окуя психикалык  дартка чалдыккандардын ооруканасында жана ыйык жерге бараткандагы ээн талаа , эрме чөлдө өтөт.  Романдын композициялык курулушу 7 каармандын тагдыры, психикалык дартка чалдыккан оорулуулардын көңүл тереңинде жашаган 7 идеалдуу образ баяны жана ыйык жерди издеп чыккан жетөөнүн чөл кезип 40 күн жүргөнүн кабарлаган 8 автордук баяндоодон турат. Романда бир нече мезгил  өрүлүп, өтмө-катышта өтөт. Окуя болуп жаткан реалдуу мезгил , үзүл-кесил эскерүүлөр аркылуу берилген өткөн чак жана илгерки замандар. Чыгармада 7 каармандын тагдыры аркылуу бүтүндөй кыргыз коомунун тагдыр-тарткылыгы көз алдыга элестейт. Автор каармандарды психологиялык талдоонун жаңы ыкмаларын колдонгон. Коомдогу кризистин социалдык, нравалык шарттарын, себеп-натыйжаларын  талдап,  ичкериден ачып берүүгө умтулган. Романда улуттук турмуштун терең катмарлары сүрөттөлүп, руханий кризиске тушуккан элдин турмушу шарттуу дүйнөлөр аркылуу көрсөтүлөт. Миф чыгармачылыгынын эсебинен көркөм сүрөттөө каражаттары кеңейген. Турмушту шарттуу чагылдыруу романдын көркөм структурасынын трансформацияланышына алып келген. Окуялар мурдагыдай  ырааты менен хроникалуу баяндалбаста, образдык-символикалык, шарттуу-философиялык, психологиялык ыкмалар менен берилген. 

Роман биздин каарман жөнүндөгү түшүнүгүбүздү да жаңылады. Окуя мурдагыдай баш каармандын тегерегинде өнүкпөстөн, бири-бирине эч байланышы жок, жашы, тагдыры, мүнөздөрү ар башка адамдар бир арага келип, абийир сотунун алдында турушат. Алар кабылган экстремалдык кырдаал – бул сыноо. Мына ушундай кыйын кезеңде ар бир адам өзүнүн анык жүзүн көрсөтөт. Романдын мазмуну фрагментардуу окуялардан, Шумер-аккад мифологиясынан, Библия, Курандан алынган архетип мифтер, символдор жана бууракандаган ой агымынан турат. Романдын каармандары турмуштук соккулардан психикасына доо кеткен, бардыгына кайыл, бардыгына кайдыгер, моралдык принциптеринен ажырап, уят, абийир, ар-намыстан куржалак калган, анткени алар турмуштан жолу болбой, үмүт-кыялдары кыйрап, каңгып калган  кишилер. Моралдык саламаттыгы чың адамдын жандүйнөсүндө конфликт болсо, ал өзүнун каалоосуна, ишенимине таянып бир чечимге келе алат, эгер тандоо керек болсо, туура чечим үчүн кымбат нерседен да баш тарта алат. Ал эми психикасына доо кеткен оорулуу, невроз менен жабыркаган адамдын жандүйнөсүндөгү конфликт бейаң формада жүрөт. Ички конфликттин тузагында калган невроз киши өз алдынча талдоо жүргүзө албайт, жакшы-жаманды ажырата албайт, анткени анын жандүйнөсүндө өзүнө баш ийбеген азыткы күчтөрдүн кармашы жүрүп, туңгуюктан алып чыга турган жолдордун  бирин да тандай албайт, ал туюкка камалып, аргасыз, алсыз абалда  болуп калат. Невроз менен ооруган кишинин ичиндеги ушундай чечилбеген проблемалар жыйылып келип, аны туюкка камап, тагдырына балта чаба турганын автор каармандардын трагедиялуу тагдыры аркылуу ишенимдүү мотивировкалап көрсөткөн. С.Раевдин романында модернизмдин башатында турган Дж.Джойстун “Улисс” романындагыдай эле ой агымында убакыт токтоп, тарых менен миф жуурулушуп кетет. Немец адабиятчысы В.Роте “Уллисти” Гомердин “Одиссеясынын” мифтери, аңыздарысыз ХХкылымдын башындагы  Дублиндин ажайып картиналарысыз элестетүүгө болбойт деген. Анын сыңарындай, С.Раевдин   романын архетип миф, аңыздарсыз, азыркы реалдуу турмушсуз элестетүүгө болбойт. 

Романда тээ атамзамандан бери чечилбей көкөй кести болуп келаткан инсан, ыйман маселеси терең изилденип, ой элегинен өткөрүлүп, автордун кыял чабытынан жаралган метафоралуу образдар жаралып, алардын  көп жактуу табияты ачылат. Инсандын кризиске кабылышы, бузулушу, башына түшкөн кайгысы романда ар тараптан изилденип, таамай, элестүү сүрөттөлүп,  жалпылаштырылып, синтезделет. Автор жараткан метафоралуу дүйнөдө хронологиялык координаттар жуурулушуп, тирүүлөр менен арбактар  дүйнөсү аралашып, айкалышып турат. Арбактар дүйнөсү менен аралашуу – бул фантасмагория. С.Раев жараткан дүйнөнүн модели – бул азыркы абсурд дүйнөнүн метафоралуу чагылдырылышы. “Сүйүү өнөксүз ишке ашпай турган кылмыш” деп Жан Поль Сартр айткандай, романдагы жети каармандын бири Козучактын атасы аялы көз жумгандан кийин үйлөнүп, атасы, өгөй энеси экөө Козучактын көзүн тазаламай болушат. Эненин балага болгон аруу сезимдери, арбак-эненин наристеге карата үзүлүп түшкөн мамилесинен айкын көрүнөт. Автор эненин  түбөлүктүү архетип образын жаңы боёктор менен байыткан. Өзүнүн кара чечекей баласын өлүмгө кыйган атанын мындай ташбоор кадамга барышы эки себеп менен шартталган. Биринчиден,  бул адам мурда бузулуп көчөдө калганда Козучактын апасы кам көрүп, адам катарына кошуп, уул төрөп берген. Бирок көнгөн адат калабы дегендей, мурда эле каңгып, өзүн жоготкон бул кишинин моралдык принциптеринин баары өлгөн. Экинчиден, алган жубанды башы айланганча сүйүп, анын көзүн карап, баш ийип берген. Анткени Ф.Мориактын пикири боюнча сүйгөн адам аялзатына көз каранды болуп, өзүнүн ички кумарын жеңе албайт экен. Ошон үчүн ал жубан алган аялынын талабы боюнча ымыркай баласын темир жолго таштап, андан кечип отурат. Себеби, ал аялына кул болуп калган. “Ребенок считается чистым, невинным, а кто описывает его по другому, тот, как гнусный злодей, обвиняется в оскорблении нежных и святых чувств человечества” деп З.Фрейд жазгандай, С.Раев наристенин аруулугун,  арбак-эненин гармониялуу сүйүүсүн таасирдүү жандуу сүрөттөп, нарцисс аялдын ыпылас эгоизмге ууккан тилегин таш каптырат. Эрди-катын баладан “кутулгандан” кийин да бактылуу боло алышпайт. З.Фрейддин теориясы боюнча сүйүү менен жек көрүү, бакыт менен бактысыздык, жакшылык менен жамандык жанаша жүрөт, башкача айтканда, адамдын жандүйнөсүндө карама-каршылык, амбиваленттүүлүк жашайт. Автор адам табиятындагы ушундай татаал процесстерди эрди-катындын наристеге кылган кыянаттыгы аркылуу ишенимдүү мотивировкалаган. Ч.Айтматовдун повесть, романдарындагы миф чыгармачылыгы боюнча омоктуу эмгектердин автору, белгилүү сынчы К.Ибраимов Раевдин “Жанжаза” романын талдоого алган макаласында ушул эпизодго токтолуп: “Кудайга кулдук уруп берилгенин далилдеш үчүн анын амири менен уулу Исаакты курмандыкка чалмакчы болгон Авраам жөнүндө айтылган аңыз-уламышты эске салат. Аңызда Кудай акыркы көз ирмемде Авраамды андай кадамдан токтотуп, баласынын ордуна Козучакты садага чабууга уруксат берет эмеспи. Ушуга окшош окуя ымыркай чагында Козучак аттуу кейипкердин  башынан да өтөт” деп жазат. Бул эки окуянын сырткы окшоштуктары бар, бирок маңызы, психологиялык, философиялык мотивдери, максаты эки башка. Библияда да, Куранда да жана башка байыркы элдердин мифологиясында баласын курмандыкка чалуу мотивинин маңызы жаратканга чексиз сүйүүсүн, сый-урматын билдирип, ага баш ийип, анын бийлигин толук таануу дегенди билдирет. Ошон үчүн ал өз канынан жаралган баласын да курмандыкка чалганга даяр. Баласы да жанын кыйганга даяр, себеби, бул ата-бала үчүн сыноо. Ал эми романдагы эпизоддо наристе нарцисс аялдын кара башын гана ойлогон эгоизминин курмандыгы болуп кала жаздайт. Баланы өлүмдөн арбак-эне сактап калат. Арбак-эне бул – архетип образ. Ушул архетиптик эпизод романдын өзөктүү концепцияларынын бири.  

Романда илгерки заман менен азыркы учур жуурулушуп, тарых менен аңыздар айкалышып, жандүйнөсү жабыркаган оорулуу каармандар да тарыхый инсандардын ысымын алып жүрүшөт. Алар: Искендер Зулкарнайн, император, Лир, Таис Афинская, Чыңгызхан,  Клеопатра,  Козучак. Бул тарыхый инсандар тууралуу аңыздар романдын дагы бир катмарын түзөт. 

Романдагы ыйык жер жөнүндө аңыз Шумер-аккад мифологиясындагы майкөл-сүткөл болгон бейиш жер. Жылан – байыркы Чыгыш мифологиясында жамандыктын символу, Кудайдын душманы. 7 – саны жакшылыктын да,  жамандыктын да символу. 666 – жамандыктын, Кудайды тааныбаган динсиздиктин символу. Романдын дагы бир катмары эч бир тарыхый хронологияга сыйбаган, кайсы мезгилге таандык экени белгисиз өткөн чак да, азыркы учур да, келечек да  жок мейкиндик – бул постмодернизмдин мүнөздүү белгиси. Султан Раевдин романында модернизмдин, экзистенциализмдин элементтери ыктуу кыйыштырылган.  Автор адабий, философиялык булактарга шилтеме берип,  постмодернизмдин фрагментардуу баяндоо ыкмаларын кеңири пайдаланып, азыркы дүйнөнүн башы бирикпеген ит арка коомун, чакчелекей-кымгуут хаосту, постмодернисттик дүйнөтааным менен берген. Ф.Кафка инсандын адамдык сапаттары система тарабынан тебеленип-тепселгенин, кор болгонун кандай көрсөтсө, С.Раев романында капитализмдин ыплас турмушун, ташбоор табиятын каңгып калган селсаяктын, ыйманын жеген шуркуянын, бийликтин зордук-зомбулугуна кабылган пакиза кыздын, азап-тозокту көрүп, жандүйнөсү жабыркап чоңойгон, жетим болуп жетилген Козучактын, катынпоз Лирдин образдары аркылуу алаканга салгандай ачып берген. Романдын каармандарынын “тоодой күнөөлөрүбүздөн арылабыз” деп Ыйык жерге аттанып, баардыгына кайыл болуп, абийир сотунун алдында турушу, азап-тозок, өлүмгө карабай экстремалдык кырдаалга кабылышы, тагдырлары бычактын мизинде турса да ыйманга келип, өзүн өзү таанууга умтулуусу – бул экзистенциализм. М.Хайдеггердин айтуусу боюнча адамдын тагдыры, жазмышы индивиддин жандүйнөсүндөгү сырдуу “күчтөргө” экзистенцияга байланыштуу болот. Ошон үчүн автор каармандардын кармалбаган, таанып-билүүгө мүмкүн болбогон экзистенциалдуу дүйнөсүн окурмандын алдына көлдөлөңүнөн таштап отурат. Ошон үчүн романда реалдуулук менен ирреалдуулук, рационализм менен иррационализм жуурулушуп кеткен. К.Ясперс айткандай, адамдын күнөөсү башынан ашып, каруусуна чейин канга малынып, “кылдын учунда турган кырдаалга” жеткенде, азап чегүү, күрөш жана күнөө, өлүм, адамды эсине келтирип, абийир сотуна коюп, баталгага башын байлатат тура. 

Өздөрүн тозок отуна салып, абийир сотунун жазасын тартып, ит көрбөгөн кордукту көрүп, колу менен жасаганын мойну менен тартып, айыптарыбыздан арылабыз деп алыскы Ыйык жерге жөнөп калган каармандардын чечими күнөө кылып, туура жолдон чыгып, тагдырына балта чабылган кишиге бактысына ээ болууга кайра дагы мүмкүнчүлүк берилет деген экзистенциалистердин көз карашын эске салат. Бирок, учуп кеткен бакыт кушу кайра конбой турганын романдагы кааармандардын трагедиялуу ачуу тагдыры кашкайта далилдеп турат. “Бүгүн көргөн эртең жок. Оо,чиркин, ушундай экен дүйнө бок!” деп “Манаста” айтылгандай бул хаос дүйнөнүн абсурд маңызын роман метафоралуу образдар, философиялык парадигмалар менен чагылдырган.  Ошентип, Султан Раевдин “Жанжаза” романы менен кыргыз адабиятынын жаңы доору башталды. Ак жол сага, “Жанжаза”!


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер