Экинчи аял болуп күйөөгө тийсемби? Эки анжы ойдо турам...


Москвада беш жылдан бери иштейм. Жолдошум менен ажырашып кеткениме бир топ жыл болду, төрт баламды өзүм жалгыз багып чоңойттум. “Балдарым” деп жашап жүрүп, өзүмдү унутуп коюптурмун. Бир күнү TikTokтон жагымдуу жигит менен таанышып калдым. Алгач жөн эле сүйлөшүү болчу, бирок бара-бара жүрөгүм жылып, сүйүп калыптырмын. Эч жолуккан эмеспиз, болгону видео аркылуу гана сүйлөшчүбүз.
Бир күнү ал Кыргызстанга кетти. Кеткен күнү өзүмдү жоготуп, жалгызсырап ыйладым. Көрсө сүйүп калыптырмын. Бирок кийин анын аялы бар экенин билдим. Кыйналдым, баарын токтотууну ойлодум, анан чалса эле өзүмдү токтото албайм.
“Сен өзгөчө аялсың, экөөңөр менен жашайм” дейт. Мен болсо “Бүтүн наныңды жарты кылба, аялынды таштаба” дейм. Эгер экинчи аялы болуп тийсем, кийин өкүнүп калбаймынбы?.. Ал болсо “макул десең, ата-энеңе жиберем” деп жатат. Кандай кылсам туура болот?
Сезим











