Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мени ак сөөктөр чөйрөсү да, алардын анткорлонгон сулуулары да жадатты”

“Мени ак сөөктөр чөйрөсү да, алардын анткорлонгон сулуулары да жадатты”

11-март, 15:13
1 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кудай ургандай мүнөзүм бар менин. Тарбия ушундай кылып салганбы, же Кудай ушинтип  жаратканбы, билбейм. Билгеним эле эгер мен бирөөнүн шоруна себепкер болсом, өзүм андан бетер шорлойм. Албетте, минткеним ага жооп эмес, бирок кептин чыны ошол. Бозбаш улан чагымда ата-эненин кароосунан чыккандан тартып, акчага табылар жыргалдын баарына бууракандай сүңгүп кирдим, анан ал жыргалдар да жадатты. Анан атактуу чоң чөйрөгө бой урдум, көп өтпөй ал ак сөөк чөйрө да жадатты. Алардын сулууларын сүйүп көрдүм, өзүм да аларга сүйгүнчүк болдум, бирок алардын сүйүүсү намысыма тийип, кыялымды кыжырлантып, жүрөгүм бош бойдон калды. Окууга кириштим, көп окудум, анан илимдер да жадатты. Атак-даңк да, бак-таалай да илим-билимден эмес экенине көзүм жетти. Анткени макоонун баары бактылуу экенин көрүп жүрдүм. Атак-даңк деген бир конгон бакыт экен, ага жетиш үчүн эпчил гана болуш керек. Ошондон тартып мени зеригүү басты... 

Көп өтпөй Кавказга которушту. Мына ушул учурум өмүрүмдөгү эң бактылуу чагым болду. Чечендердин огунун астында  зеригүү болбос деп үмүт кылсам, бекер экен. Бир ай өтпөй октордун ызылдаганына, өлүм каш менен кабактын ортосунда жүргөнүнө көнүп калдым. Октон көрө чиркейдин ызылдагы көңүлдү көп алаксытчу болду. 

Бэланы өз үйүмөн биринчи көргөндө тиземе отургузуп алып көмүрдөй кара чачынан жыттаганымда, мен акмак бу кызды “тагдырым жиберген периште” деп ойлодум. Дагы жаңылыпмын. Тектүү сулуу менен бул жапайы кыздын сүйүүсү бирдей эле экен. Мунун түркөйлүгү менен ак жүрөктүгү тигинин анткор назданышындай эле жадатты. Уккуңуз келип турса, мен Бэланы азыр да сүйөм, аз болсо да берген жыргалы үчүн ыраазымын, ал үчүн жанымды кыяр элем, бирок анын жанында зериге турган болдум. 

...Акмакмынбы же мыкаачымынбы, билбейм, бирок мен деле Бэланы аяганчалык, балким андан көбүрөөк аягыдай жайдамын. Менин дилим чоң чөйрөдөн бузулган, кыялымдын туругу жок, жүрөгүм эч нерсеге канбайт. Мага баары аз көрүнөт. Жыргалга кандай жеңил көнүп кетсем, кайгыга деле ошондой бат көнөм. Анан жашоом күн санап бош тарта баштайт. Мага бир гана айла калды. Жер кезип   жүрө берүү. Ыңгайы келсе дагы жол тартам, бирок Европага эмес, анын бетин Кудай ары кылсын. Америкага, Арабияга, Индостанга барам, күнүм бүтсө, ач бел, куу жондо өлөрмүн! Кантсе да жол азабы сезиле койбос, көңүл алаксытканы узагыраак созулаар.

(М.Лермонтовдун “Биздин замандын уулу” чыгармасынан үзүндү)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер