Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрадан бул жарык дүйнөнүн азабын көрбөй, түбөлүк уктап калгым келет...

Кайрадан бул жарык дүйнөнүн азабын көрбөй, түбөлүк уктап калгым келет...

26-февраль, 12:20
1 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматуу окурман, биздин редакцияга кайрылган Гүлнар айым оорусун, уулунан ажырап калган күйүтүн, азабын айтып, ботодой боздоп, төмөндөгүдөй тагдырын баяндап берди. 

-- Билбейм... эмнеден баштарымды билбейм. Апакеңдин денесинен жылаңач ыңаалап жарык дүйнөгө келгенде бешенеңе бир тагдыр жазылат экен. Менин тагдырым ушундай болду. Улуу жаратылыштын ырайымынан, мээриминен, жарыгынан ажырап калгандай, ар бир күнүм сарсанаа, кайгы-капа, оору, жалгыздык, жакырчылык, айтор, караңгы турмуштун кулу болуп келем. Мен өзүмдү учуп келип жалындаган отту айланып, урунуп, күйүп кеткен көпөлөк сыяктуу сезем. Жебеге атылып, аска-зоодон тумшугу менен жерге сайылып, жаны чыкпай жерде боорунан кан тамып жаткан жаралуу кушка окшотом... Мен өзүмдү...

“Жинди болуп калган жокмунбу?” деп ар бир таңда жарым эс абалымда ойгонуп, сүйлөгөн сөздөрүмө баамдоо жүргүзө күзгүдөн каранам. Мезгилдин желеси жүзүмдү тордоп, чачтарым да ак бубак баскан. Жарым кылымды жашап койгон тозоктун кишендеринен такыр бошоно албай келген 54 жаштагы аялдан өзүмдү көрөм. Ооба, ал менин маңдайыма жазылган тагдырым, тарыхым, өмүр жолум. Биз уктап жатканда басып өткөн өмүрүбүздү унутуп, өлүк сыяктуу болобуз. Ойгонгондо өмүрүбүз менен кошо ойгонобуз. Кайрадан аралашкым келбеген бул жашоого турбай, түбөлүк уктап калгым келет. Ушул күнгө чейинки тарткан азабым жетиштүү болду. Дагы качанкыга чейин мындай күндөр уланат?..

Мунар АКУНОВА

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер