Акчасыз калсаң, бир туугандар деле алыстап кетет тура...


Бир эжем бар эле. Атын атабай эле коёюн, тагдыры эле жетиштүү сүйлөп турат. Жаш кезинде жолдошу экөө чоң үмүттөр менен Россияга кетишкен. Ысык-суукка карабай, күнү-түнү иштешип, жан багып жүрүштү. Үч наристелүү болушту, аларды апасына таштап, өздөрү эмгек мигранты катары жан үрөштү. Ден соолугун да аяшкан жок, чарчоо дегенди билбей иштешти.
Арадан жылдар өттү. Акырындан акча топтоп, Кыргызстандан үй, машине алышты, бирок жолдошу баарын өз апасынын атына өткөрүп коюптур. Башында бул нерсеге маани беришкен эмес, “үй-бүлөбүз, баарыбыз биргебиз” деп ишенип жүргөн да.
Эң оор учур ошол кезде башталды. Кыргызстанга кайтып, жолдошу менен чогуу жашоо шарты таш каап, ал башка аялды жактырып басып кетти. Акыры кайненеси “бул үй сеники эмес” деп келинин үйдөн кууп чыкты.
Ыйлап-сыктап, эжебиз кайра өз апасынын үйүнө келди. Бирок бул жерден да тынчтык таба алган жок. Бир туугандарынын көз карашы өзгөрүп, байкеси менен инилери батырбай башташты. Жеңелери, келиндери кагынып-силкинишип, акыры “өзүңчө чыгып кет” деп айтышты, квартирага кетүүгө аргасыз эле...
Кезинде Россияда жүргөндө эмгек акысынан үзбөй акча салып турчу. Ошондо балдарын жакшы карашып, үй-бүлөсү да жылуу мамиле кылып келишкен. Эми акча жок болгондо, бир туугандар деле алыстап кетет экен да. Ушундай өкүнүчтүү чындыкка кабылды. Азыр балдары менен бир бөлмөлүү квартирада жашайт. Ошентсе да үмүтүн жоготпой, алдыга кадам таштап, жакшы иш таап кетти. Бирок жакын адамдарынын чыныгы жүзүн жакшы түшүндү окшойт...
Асыл
"Азия Ньюс" гезити











