Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аймончок Кошуева: “Турмуштун артынан кууп кете бербей алдын ала жашоого максат, план коюу шарт”

Аймончок Кошуева: “Турмуштун артынан кууп кете бербей алдын ала жашоого максат, план коюу шарт”

19-январь, 12:04
1 223 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист, белгилүү телеканалдарда алпаруучу, пиар менеджер, тасма, клиптерге тынбай чакырууларды алган кыялкеч сулуу кызыбызга суроо узаттык.

-- Аймончок, үй-бүлө курдуңбу? Кандай мырзалар купулуңа толот?

-- Азырынча турмушка чыга элекмин. Бойдокмун. Менимче, айым болобу, мырза болобу, мүнөзүндө жөнөкөйлүк жана кичипейилдүүлүк болушу керек. Биринчиси тарбия. Тарбиядан көп нерсе таасир этет. Бир жакшы макал бар эмеспи, “Буудай канчалык данга толгон сайын жерге ийилет” деген. Анын сыңарындай, адам канчалык билимдүү, бай, бий болобу, ичи адамгерчиликке толуп, ийилип турушу керек. Ошондой эле баарына сый мамиле жасоо зарыл. Ушундай адамгерчилиги жогору, деңгээли бийик жигиттер купулума толот. Мындай мырзалар менен турмуш куруу тилектерим бар.

-- Сен үчүн жашоонун маңызы эмнеде?

-- Мага жашоонун маңызы, кызыгы менин иштеримде. Азыр өзүмдү таанып бүтө элекмин. Эң башкысы, өз потенциалыңды ачуу, жогорулатуу. Бул жашоого эмнеге жаралдың – маңызын түшүнүү. Бул жашоодо ар бир адам өтө турган курактар бар. Өспүрүм курак, үй-бүлө куруу, андан аркы болуп улана берет. Андан кача албайсың. Алардын артынан дөңгөлөктөгү чычкандай кууп кете бербей, алдын ала жашоого максат, план коюу шарт. Беш жылдай алдын ала аркан боосун таштап койсо болот. Өзүңдү өстүрүп, беш күндүк өмүрүңдө жашоо ырахатын сезе билүү абзел.

-- Жашооңо социалдык тармактардын таасири кандай?

-- Социалдык тармактар жашоомдо биринчи орунда. Анткени менин кесибиме байланыштуу, ишимди илгерилеткен, элге тааныткан дал ушул соцтармактар. Башка жактан таппаган жаштардын көпчүлүгү интернетте, соцтармактарда отурушат. Социалдык тармактарга менин күнүмдүн 80 пайызы арналат. Бул жаман эмес. Жакшы жагына пайдалана билсең, жакшы. Мага жакшы жагы көбүрөөк. 

-- Эмне тууралуу кыялданасың?

-- Мен аябай кыялкечмин. Кичинекей кезимде чындыктан алыс жашачумун. Кыялдардын кучагында жүрчүмүн. Чын жашоодо мектепке барып келчүмүн. Мектептен келгенден кийин эч ким менен сүйлөшпөй, өз дүйнөмдө жүргөндү жактырчумун. Курбуларым да аз санда болду. Менин кичинекей кезимде кыялдангандарым – азыркы чыныгы жашоом.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер