“Бакшыга барам деп өз инимден ажырадымбы?..”
Сулайман ажы өзүнө келген сабак болчу каттардан жарыялады:
“Инимди үйлөндүргөндөн кийин кызгануум күчөп, келинимди жаман көрө баштадым. Айрыкча инимдин келиниме кылган мамилесин көрсөм, муунтуп койгум келе берчү. Ар бир конок болгонумда, ийнемди сайып келсем да тынчтана албай коёт элем. Ушунча уумду чачсам дагы, келиним мага жакшы мамиле кыла берди. Шайтанга азгырылып, мен “чоң” бакшыга бардым. Иним менен келинимдин ортосун суутуп беришин сурандым. Анан экөөнүн сүрөтүн бердим. Көзү ачык окуп берди. Жыйынтыгы мени көп күттүргөн жок. Төрт күндүн ичинде иним жол кырсыгына кабылып, каза болду. Мен муну каалаган эмес элем. Билбейм, бул кырсык бакшыдан болдубу, же ажал алып кеттиби?.. Инимдин көз жумганына бир жыл болбоду. Бүт чачым агарып кетти. Ата-энем төгүлүп, соолуп калышты. Эми мен өмүрүмдү өкүнүп, күйүттө өткөрсөм керек”.