Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назгүл Насиева: “Кыргызстандын” талапкери Эрмек Нургазиев алдап кетти”

Назгүл Насиева: “Кыргызстандын” талапкери Эрмек Нургазиев алдап кетти”

26-сентябрь, 10:43
1 155 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Кыргызстан партиясынын лидери Исаев Канатбек Кедейканович! Сиз эл үчүн күйүп, элдин тагдырына кайдыгер карабай, жан үрөп иштеп жүрөсүз. А бирок, cиздин партиядан талапкерлигин койгон Эрмек Нургазиевден менин жолдошум Кубанычбек Жусупов 2017-жылы 12-майда Бишкек шаары, Ажыбек баатыр д. 1/1дан, жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн, бир бөлмөлүү 34,15м2 жерди, бир миллион жүз отуз жети миң үч жүз жетимиш алты (1 137 376,00) сомго сатып алганбыз. Эрмек Нургазиевдин колуна нак эсептеп бергенбиз. Бухгалтериядан договор түзүлүп, Эрмек Нургазиевдин бузгалтери кол койгон. Москва шаарында күнү-түнү ичпей-жебей "квартиралуу болуп калалы" деп акчасын топтоп, бизге жиберген күйөө балабыз Таалайбек Жаныш уулуна сатып бердик эле. 

Таалай атасыз чоңойгон, апакесинин жалгыз уулу. Эки баласы менен квартиралап жүрүшөт Москвада. Ушул күнгө чейин же квартирадан жок, же акчадан жок, бөөдө убалына калтырып, Эрмек жүрөт жер тепкилеп депутат болом деп. Канча жолу жакшы да айттык, ыйлап да сурандык, урушуп да көрдүк. Бул эч кимди тоготпогон, эч кимди укпаган, карапайым элдин мээнетин жеген Эрмек Нургазиевге чара көрчүлөр барбы?! Аял адвокатты жаактан ары бир чаап, моюнга албай жүрөт.

Ушул маселебизди чечип бергенге профессионал адвокаттар, прокурорлор, журналисттер, өкмөттө иштеген жетекчилер, УКМКнын кызматкерлери баарыңардан суранам, жардам бериңиздер. Арыз жазып кайрылууга бүт документтер даяр. Ачык айтып, ак күрөшпөсөк бул тоготчудай эмес. Калпы, шылтоосу өтө көп Эрмек Нургазиевди Кыргызстан партиясынын тизмегинен өчүрүңүздөр. Ал абийир алып келбейт, башыңардан ылдый суу куят! 

Эрмек мырза, эсиңизде болсун, коркутуп, үркүтүү азыр мода эмес! Жетим баланын убалына калбай, жакшына акчасын кайтарып берип кой! 

Урматтуу журналисттер, ушул ишти аягына чейин бүтүрүүгө жардам бериңиздер!” деп Назгүл Насиева билдирген.


Aryba.kg 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер