“Багытыбыз чаржайыт, бирдиктүү максатыбыз жок”
-- Буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1 триллион сомдон ашканы боюнча өкмөт мактанган эле. Ошол эле кезде оорукана, мектеп, бала бакча жетишпей жатканы курч көйгөйлөрдү жаратууда. Өнүгүүгө багыт алган өлкө ириде социалдык чыңалууларды жойчу беле?..
Айылчы Сарыбаев, профессор:
-- Кыргызстан социалдык багытта эмес, капиталисттик нукта бара жаткан өлкө. Социалдык проблемаларды ар ким өзү чечет. Биз өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кире элекпиз. Багытыбыз чаржайыт, бирдиктүү максатыбыз жок. Бирдеме жасамыш этсек эле “ийгилик!” деп бакыра берүү адатка айланган. Айтор, шайлоодон шайлоого чейин эптеп жашамай. Мектеп, бала бакча көйгөйлөрүн мамлекеттик ишканалары жок өлкөдө ар ким өзү чечиши керек. Социалисттик өлкөлөрдө мамлекет чечет. Рынок, капитализм шарты ошондой болот.
Эрнест Карыбеков, эксперт:
-- Өнүгүүгө багыт алган өлкө социалдык чыңалууну жоёт. Өкмөттүн аракети бар, бирок оорукана, мектеп, бала бакча жетишсиз. Ошону менен жаңы, заманбап технологиялар, китеп, кесипкөй адистер жетишпейт. Жергиликтүү тургундар жумушсуздуктун айынан ички миграцияга мажбур болушат. Демек, жогоруда айтылган маселелерди ички миграцияны эске алып чечиш керек. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечиш үчүн үзгүлтүксүз каражат болуп туруш керек. Демек, өлкөнүн экономикасы реалдуу өсүп, кыргызстандыктардын маселелери тынымсыз чечилип турушу керек. Андай жагдай өлкөдө жок. Өкмөттүн саясый жана каржы экономикалык стратегиялык планы жок. Бүт кырдаалга байланыштуу, күнүмдүк, баягы эле элдин жонтерисин сыйрыган экономикалык система. Көз карандылык, “эртең элди кантип багабыз?” деген ой жок. Эң маанилүүсү, ошол бала бакча, мектептерде кандай билим, кандай тарбия, идеология окутулат? 32 жыл завод, фабрика, экономика, идеология, мамлекеттин түзүлүшү талкаланып келди, ушул системадан чыкмайынча иш оңолбойт.
Өлкө өзүнүн жеке саясый жана каржы экономикалык долбоорун түзүүгө милдеттүү, антпесе, башкалардын саясатын жана каржы экономикалык долбоорун аткара берет.
Искендер Шаршеев, экономист:
-- Ички дүң продукт (ИДП) бир гана казынага түшкөн каражат эмес. ИДП – бул өлкө ичиндеги баардык экономикалык ишмердүүлүктүн жалпы наркы, башкача айтканда, өлкө ичинде белгилүү бир мезгилде өндүрүлгөн дээрлик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн акчалай баасы.
ИДП төмөнкүлөрдү камтыйт:
-- ишканалардын жана жеке ишкерлердин кирешелери: бул товарлар менен кызматтарды сатуудан алынган кирешелерди камтыйт;
-- айлык акылар: ИДПнын чоң бөлүгү катары ишканалардын кызматкерлерге төлөгөн айлык акылары;
-- пайда жана инвестициялар: бул ишканалардын таза пайдасы жана ар кандай инвестициялардан алынган кирешелер;
-- мамлекеттик чыгашалар: бул мамлекеттин экономикага жумшаган чыгашалары. Мисалы, социалдык кызматтарга же инфраструктурага сарпталган каражаттар;
-- экспорттон келген киреше: башка өлкөлөргө сатылган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше.
Ошондуктан, ИДП өлкөнүн жалпы экономикалык активдүүлүгүн чагылдырат жана бул активдүүлүктүн баары мамлекеттин казынасына түшпөйт. Казынага түшкөн каражаттар салыктар, бажы төлөмдөрү жана башка мамлекеттик кирешелер аркылуу алынат, бул болсо ИДПнын бир бөлүгү гана болуп эсептелет.
"Азия Ньюс" гезити