Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Батыралиев: “Пандемиянын ден соолукка болгон кесепети он жылга созулат”

Талант Батыралиев: “Пандемиянын ден соолукка болгон кесепети он жылга созулат”

29-январь, 13:18
5 283 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жайкы пандемия маалын изилдөө комиссиясы өз жыйынтыгын чыгарды. Анда ошол кездеги маалыматтар менен бир топ айырмачылыктар, чоң мүчүлүштүктөр кеткени айкын болду. Бирок, чыгарылган корутундуга каршы пикирлер дарыгерлер тарабынан айтылууда. Мунун терең себептери эмнеде? 

-- Албетте, комиссиянын алдына кандай тапшырманы берсең, ошого жараша иш алып барылат. Бирок, бул корутундуда Кытай мамлекети официалдуу түрдө оору тууралуу маалымат тараткан күндөн баштап, мамлекеттик деңгээлде кандай конкреттүү иш-чаралар каралды? Ага жооп жок. Үстүртөн штаб түзүлдү. Ал эми пандемия вирустун адамзатка каршы согушу катары бааланган жок. Сезондук бир жугуштуу оору сымал каралды. Мамлекеттин атынан бул согушту республикалык штаб алып барды. “Бүткүл тармактын жоопкерчилиги кандай каралган?” деген суроолор бар. Ал жөнүндө бир маалымат жок. Корутундуга макул болсоң да, болбосоң да, ортодо жабыркаган, каза болгондор көп болду. Эми аны саясатташтыруунун ордуна кийинки толкунга туура, так даярдануу керек эле да. Кийин жай отуруп, бүткүл штабдын, тийешелүү комиссиялардын ишин кылдат анализдөөгө жетишмекпиз.

-- Негизи баардык эле тармактагыдай бул система да реформага муктаж го? Эгер бүгүнкү шартта, башкача айтканда, коронавирустун кесепеттери менен эмес, алдын алуу иштери менен күрөшүүнү эске алсак, натыйжа берүүчү өзгөрүүлөрдү киргизүү жолдору катары эмнелерди айтат элеңиз?

-- Пандемия – бул согуш. Ал ондогон жылдардын көйгөйү. Келген каражаттардын жумшалган дареги, эсеби так жүрмөйүн, туура жумуш алып баруу болбойт. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай, саламаттык сактоонун инфраструктурасын жаңыртыш керек. Кылса болот. Албетте, экономиканы өнүгүү жолуна койбосок, жүк улам арта берет. Ишенич тарайт. Азыр коңшу жана алыскы өлкөлөр ковидден кыйналып жатат. Биз болсо келе жаткан толкунду өтүп кетсек бүттү дегендей ойдо жашап жатабыз. Бул туура эмес. Муну тынымсыз күрөш менен гана жеңебиз!

-- Сырттан келген жардамдардын жумшалганы боюнча да так эсеп берүү талабы коюлбадыбы? Эми ал каражаттын максатсыз пайдаланылганы ачыкталса, 3-толкунга карата сырттан жардам күтпөш керек деп түшүнсөк болобу? Эгер андай болсо, өлкөдөгү абал жайкыдан да курч болуу коркунучунда эмеспи?

-- Келген каражаттар, жардам жана алардын багыттуу колдонулушу бизге болгон ишеничти арттырат. Так маалымат элге, донорлорго жана өнөктөштөргө да берилиши керек. Кандай кыйын болсо дагы сарамжал экономиканы үйрөнүү маалы келди. Элдин маанайы, ынтымагы жана биримдиги – биздин күч. Эл аман болсун. Баса белгилеп айткым келет, пандемия – бул дүйнөлүк согуш. Вирустун адамзатка каршы согушу. Ошондуктан, согуштун эрежелери, аны менен күрөш толук кандуу дүйнө стандарттарына, талабына ылайык болушу керек. Дүйнөнүн коопсуздугу адамзатка бирдей. Бул вирус динине, тилине же улутуна карабай жабыркатат.

-- Британиялык штамм менен дүйнөлүк медицинада кандай күрөш жүрүүдө? Анын мурункудан айырмачылыктары эмнеде?

-- Британиялык штаммдын тарашы бүт өлкөлөргө кооптуу. Бирок мени кейиткени: ушул убакытта штаммдардын түрлөрүн деле аныктай албай, чет мамлекетке жөнөтүүдөбүз. Бул диагностиканын деңгээли” десек болот. Менин оюмча, ковиддин кандай штаммы болбосун, ал вирустук-инфекциялык оору катары каралып, бирок дарылоо көп тармактуу болсо, жетиштүү болуш керек. Онлайн консультация жетишсиз. 

-- Вакцина тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып, Германияда андан баш тарткандар иштен айдалып жатканы жазылууда. Сиз бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

-- Вакцина керек. Анын улуттук кызыкчылыктарга айланганы пандемияга каршы күрөшүүдө зыян берет. Мамлекеттик илимий кеңештер, геосаясый, же чоң саясаттын куралы болбой, улуттук иммунизацияны өткөрүү керек. Аны өткөрүү оңой эмес. Бул өтө оор мамлекеттик иш-чара.

-- Жылдап созула турган бул күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу үчүн биздин өлкө эмнеге басым жасашы маанилүү?

-- Мамлекеттик жоопкерчиликти көтөрүү зарыл. Пандемия кетпейт. Ден соолукка, экономикага болгон кесепети он жылдарга созулат. Пандемия деп кол куушуруп отурбай аны багынтып, башкарып, бирге жашоо керек. Күнүмдүк сыркоолордун талабы азайбайт. Демек, саламаттык сактоонун, айрыкча пандемиядан кийин геосаясый инвестициялардын саламаттык сактоодогу багытын анык белгилөө керек. Инвестицияларды тартуу, эл аралык куралдарды таануукоргоо менен коштолбосо, аларды тартуу кечеңдейт. Убакыт тар, пандемиянын кесепети күчөй берет. Элдин ден соолугуна кам көрүү жана өмүрүн сактоого аракеттерди көрүүдө чечим кабыл алууда жогорку деңгээлдеги кызмат жетиштүү болушу шарт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер