Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нургүл Акимова: “Экономикалык мунапысты ишке ашыруу өтө оор”

Нургүл Акимова: “Экономикалык мунапысты ишке ашыруу өтө оор”

02-ноябрь, 00:23
860 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла» деп Садыр Жапаров бир айлык экономикалык мунапыс жарыялады. “Бул мыйзамда кантип ишке ашышы керек? Ишке ашууга мүмкүнчүлүктөр барбы?” деген суроолор менен экономика боюнча эксперт Нургул Акимовага кайрылдык. 

-- Нургүл айым, убактылуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бир айлык экономикалык мунапыс жарыялады. Мунапыстын мыйзамдуу жолу тууралуу чечмелей кетсең?..

--   “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзамда мунапыска салынбай турган кылмыштардын түрлөрү көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттик кызматта иштеген же мурун кызматта турган адамдарда эгерде мыйзамсыз баюуга шек бар болсо, анда аларды калыбына келтирсе болорун белгиледи. Бирок, бул мүмкүн эмес. Эмнеге? Анткени азыркы мыйзамда эгер сиз чиновник болсоңуз жана кызматтык милдетиңизди кыянаттык менен пайдаланганыңызды жана мыйзамсыз байыганыңызды мойнуңузга алсаңыз, анда бул кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. Президенттин билдирүүсү юридикалык ыйгарым укук бербейт, анткени мыйзамда бул категориядагы адамдарга мунапыс берилбейт (!) деп айтылган. Бул процессти ишке ашыруу техникалык жактан өтө оор.  

Эгерде мыйзамдар туура сүрөттөлсө жана соттук комплекс мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн жөнгө салынган тартипте иштесе, анда укуктук кепилдик болот. Эгерде буюртма аткарылбаса, ишенбөөчүлүк пайда болсо, анда эч кандай кепилдик болбойт. Саясатчылардын айткандарынын баардыгы куру сөз эмес, алар мыйзам демилгелөөгө укуктуу, ал үчүн ыйгарым укук бар, бирок биз “Мунапыс жөнүндө” мыйзамды козгобогондуктан, кепилдиктер жөнүндө сөз кыла албайбыз. Учурдагы “Мунапыс жөнүндө” мыйзамда жана жарандык кодексте биз талкуулап жаткан нерселер баардыгы башкача сүрөттөлөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер