Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жийде Зоотбекова: «Көмүрдү казып алгандагы баа кымбаттаган жок»

Жийде Зоотбекова: «Көмүрдү казып алгандагы баа кымбаттаган жок»

09-сентябрь, 11:51
2 034 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын кызматкери менен маек.

-- Бишкекте азыртадан эле көмүр жетишсиз экени айтылып жатат, кышкысын көмүр таңкыстыгы жаралбайбы? 

-- Кышында көмүр таңкыстыгы жаралбайт. Анткени быйыл Кара-Кечеде көмүр казуу иштери толук жүрүүдө. Калкка көмүр берүү сентябрь айында башталат.  ЖЭБге көмүр быйылкы жылдын июль айынан баштап ташылууда. Өлкө боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Мындан тышкары, Казакстандан дагы 650 миң тонна көмүр келери күтүлүп жатат. Негизи Кыргызстан боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Алардын ичинен 41 компания туруктуу иш алып барышат. Акыркы 8 айда 1 млн. 337 миң 346 тонна көмүр өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 133,65%га көбүрөөк. Ошондуктан көмүр жетиштүү.  

-- Бишкекте 1 тонна көмүрдүн баасы 7000 сомго чыкканын жазып жатышат, быйыл баа саясаты кандай болот? 

-- Негизи көмүрдү сатуу саясатына биз аралашпайбыз. Аны монополияга каршы мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөйт. Бирок, жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1330 сомду түзүп жатат. Ортодогу алып саткандар бааны көтөрүп жибериши мүмкүн, биз ага таасир эте албайбыз.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер