Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ооэдодайко” тобунун добулбасчылары фурор жаратты

“Ооэдодайко” тобунун добулбасчылары фурор жаратты

10-декабрь, 18:08
1 803 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жапон элинин барабандарын катыра ойногон “Ооэдодайко” тобуна 15 жыл толду.  Япония өкмөтү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияга 90 миң АКШ долларлык үн коштоо жана жарык берүү жабдыктарын өткөзүп берүү маданий иш-чарасын коштодо бул топ чоң концерт берди. Залга жык толгон музыка ышкыбоздору добулбасчылардын “Япониядан соккон сыдырым жел” аттуу жеке концертине моокумдары канып, фурор жаратканы оозго аларлык болду. Алардын чеберчиликтерин “миң уккандан бир көргөн” дегендей, сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ошентсе да биз добулбасчылар тобундагы айрым чебер аткаруучулардын өздүгү менен кыскача тааныштырып кетүүнү эп көрдүк. 

Гулиза-сан

Топтун лидери. Кесиби боюнча журналист. Добулбасчылардын энеси. Анткени, топтун лидери катары баардыгына энедей мамиле кылат. Мээримин төгүп, улуусуна улуудай, кичүүсүнө кичүүдөй мамиледе жардамын аябайт. 10 жылдан бери “Ооэдодайкодо” ойноп келет. Добулбастардын сырдуу дүйнөсүнө капыстан кирип, жанындай жактырып, ушу күнгө чейин ажырагысы келбеген сезимтал жан. 

Ника-сан

Лидердин жардамчысы. Экинчи энеси. Машыгуу учурунда эмгеги зор. Добулбасчылардын ар биринин тилин таап, жылуу мамиле кылат. Театрдын устаканасында териден буюм-тайым жасоо чебери болуп иш алпарат. Велосипед тепкенди жакшы көрөт. Топто жалпы жонунан эки жылдан ашуун убакыт өттү. “Добулбаста ойноо мен үчүн рахат, жашоомдун өзөгү, бош убактым тайко (жапон элинин добулбасы) менен” дейт. 

Азат-сан

Япон элинин бамбук чоорчусу. Ошол эле учурда баардык музыкалык аспаптарды өз ыргагы менен куюлуштуруп ойногонду жактырат. Жети жылдын жүзү болуп калды. Телекоммуникацияда иштейт, IT тармагында окуп, кийин оюн индустриясында иштегенди самайт. “Тайко – менин бош убактымдагы эрмегим, сонун эс алуум, жыргалым, сөз менен жеткире албайм” дейт.

Элнура-сан

Топтун энерджайзери. Добулбастардын баардыгында ойногонду жактырат. Кандай гана татаал тапшырмалар алдына коюлса да, баардыгын эч бир кынтыксыз аткарат. Тайпада төрт жарым жылдан бери иштейт. Тоо-инженери. Адамдарга колунан келген жардамын аябайт. Добулбастын үнүн бир угуп жактырган. Жүрөктү титиреткен ыргактарын сүйүп калган. “Ооэдодайкодо” – бир чоң үй-бүлөнүн татыктуу мүчөсү.

Алтынай-сан

Android-иштеткич жагында окуйт. Топто пайда болгон жаңы музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүүгө кызыгат. “Ооэдодайкодо” үч жыл болду. Топтун машыгуу жайы анын экинчи үйү экенин көп айтат. Жашоого болгон көз карашы өзгөрүлгөнүн өзү да сезип келет. Добулбасчыларды көргөндө энеси эркек бала төрөгөндөй сүйүнүп, чуркап келип кучактап көрүшкөндү жактырат. 

Жанат-сан

Режиссер, дизайнер топтун көркөм жетекчиси, барабанчылардын инновациялык жагына салым кошкон жигит. Талыкпай машыккан жагынан эч ким тең келбейт. Эки жылдан бери добулбаста ойноп келет. Добулбастын үнү жөн эле таяк менен ургулаган үн эмес экенин тереңден маани берип, ар бир композицияга көркөмдүк берип, адамдын тагдыры катылганын, анын жаратылыш менен куюлушуп жашаганын сезип келет. 

Нурзада-сан

Тайкодо ойноо ар бир адамдын колунан келе бербесин жакшы түшүнөт. Көкбеттиги менен ийгиликке жетишкен. Барабандын таягын колуна алгандан баштап чыгармачылыкка сүңгүп кирип, анын терең сырларын ачууга умтулат. Эки жыл болду тайпага кошулганына. Добулбаста үн чыгаруу анын артында адамдын жашоосу, тагдыры бири-бири менен ажырагыс сүйүүсү камтылганын билген адам. 

Бермет-сан

Топтун дагы бир апасы. Кыска убакыттын ичинде коллективде сый-урматка ээ болгон адам. Добулбастардын ыргагын күүгө айлантып ийет. Чын жүрөктөн берилип ойнойт. Музыка ышкыбоздору аны сезет. Ошол эле учурда барабандардын үнүнөн дем, шыкак алып турат. Эки жыл болду. Жашоосунда жаркын маанай тартуулап турарын жашырбайт.

Асина-сан

2015-жылдан бери “Ооэдодайко” тобунда. Алты тилде эркин сүйлөгөн эмгекчил адам. Добулбастардын тилин билген кесипкөй адис экенин айтып келишет. Жашоо ыргагы менен добулбастын ыргагын айкалыштырып угармандарга укккулуктуу чыгарма жаратууда талыкпаган жаратман. Машыгууга жандили менен келип, кээде кеткиси келбегенин өзү да баамдап калат.

Адэми-сан

Келечектеги психолог, жаштар уюмунун медиа-бөлүмүндө гид болуп иштейт. Кыргызстандын кооз жерлерин чет элдиктерге тааныштырып коштоп жүргөндү жактырат. Бир жылдын ичинде албан-албан ийгиликтерге жетише алды. “Ооэдодайко” – ынтымакту үй-бүлө, кыйын учурда кылы кыйшайбастан тикесинен тик туруп бере тургандын бири. Таланттуу адам. 

Жамийла-сан

Топко ар дайым позитив маанай жаратуу менен өзү да жаркылдаган адам. Жүзүнөн эч качан жылмаюу кетпейт. Эли, жери үчүн күйгөн патриот. Топко келгенине бир жыл болоюн деп калды. Кесиби маркетинг бөлүмүндө пландоо-серепчи. Добулбастардын ыргактуу үндөрүнөн рахат алып, жарпы жазыларын жаңы досторуна ар дайым айтып келет. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер