Акыркы кабарлар
» Күч берен » Дарья Маслова олимпиадага жолдомо утуп алды
Дарья Маслова олимпиадага жолдомо утуп алды
04-декабрь, 16:44


Испаниянын Валенси шаарында алыска чуркоо (марафон) боюнча эл аралык чоң мелдеш өттү. Ар кайсы өлкөдөн беш миңден ашуун жөө күлүктөр катышты. Кыргызстандан барган Дарья Маслова кызыбыз мараны 2 саат, 28 мүнөт, 19 секундда кесип өтүп, 2020-жылы Японияда өтө турган кезектеги жайкы олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Мындай жолдомону утуп алыш үчүн болбоду дегенде 2 саат, 29 мүнөт, 30 секунд убактысында басып өтүш керек эле. Жөө күлүк кызыбыз бул нормативди ашыгы менен аткарды. Эске сала кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Япония олимпиадасына жолдомону сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов, жеңил атлетикадан Юлия Андреева, балбандардан Атабек Азизбеков жана кыз балбаныбыз Айсулуу Тыныбековалар утуп алган.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Aryba.kg











