“Бөрү баласы ит болбойт”, же Кямран Аббасов неге Түркиянын желегин көтөрүп чыкты?


Ийгиликтен кийин “ийри сөз” жаралды. 25-октябрда Индонезияда өткөн аралаш мушташтын One FC версиясы боюнча Кямран Аббасов октагонго чыгып баратканда Кыргызстандын жана Түркиянын желегин бирдей көтөрүп алган. Көпчүлүк катмарга мындай көрүнүш түшүнүксүз болуп, өөн учурады. Аббасов мекенибиздин мыкты мушкери катары сыймыгыбызга айланып келаткан да. Анан эле берегидей жагдайга күбө болдук. Ата-бабабыз байыртан туусун кастарлап, алдыга бийик көтөрүп келген да, туурабы? Каарманыбыз Кыргызстандын атынан чыгып аткандан кийин өзүбүздүн гана желегибизди желбиретип чыкса болбойт беле? Жыйынтыгында, Кямран Аббасов атаандашын утуп, One FC боюнча чемпиондук курга ээ болду. Бул чоң жетишкендик. Бирок... “Бөрү баласы ит болбойт” деген кыргыздын накыл кебин эрксизден эстегенге аргасыз болдук...
Aryba.kg











