Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Турганбаев: “Дүйнөлүк рейтинг боюнча мелдештин башында Эдил Байсалов туруп атат”

Мелис Турганбаев: “Дүйнөлүк рейтинг боюнча мелдештин башында Эдил Байсалов туруп атат”

01-июнь, 13:40
10 537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалпы кыргыз күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен соңку жаңылыктар боюнча маек курдук.

-- Мелис мырза, 1-июнь күнү бүткүл дүйнөлүк рейтинг күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталат. Күрөштүн макамы, деңгээли, даражасы жана биздин жергебизде өтүп аткан кадыр-баркы тууралуу оюңузду уксак?

-- Учурда бул мелдеш кыргыз спорту үчүн чоң жаңылык болгону турат. Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы салттуу эл аралык турнирлер биригип, дүйнөлүк рейтингдик мелдеш катары 40ка жакын мамлекеттен атагы ай-асманды сапырган, арасында олимпиада, дүйнөнүн бир канча жолку, Азия, Европа, Америка, Африка континенттеринин чемпиондору катыша турган мелдеш башталып отурат. Мындай даражалуу мелдеш жыл сайын 4 жолу өтөт. Жыл башында Хорватияда, кийин Египетте, үчүнчүсү биздин Бишкекте өткөнү турат. 

-- Даярдыктар кандай?

-- Даярдыктар сонун. Кечээ бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациянын мартабалуу өкүлдөрү мелдеш өтө турган Бишкек аренаны (муз майданы) тыкыр карап чыгып, жактыруу билдирмелерин чоң штабга жөнөтүп, бүгүн “мыкты, мелдеш өтсүн” деген уруксаты келди. Ушунун эле жыйынтыгына улай кийинки жылы олимпиадага жолдомо бере турган Азия мелдешин да бизге ыроолошту. 

-- Дүйнөнүн булуң-бурчунан балбандар келип аткандан кийин мамлекет тарабынан кандай камкордуктар көрүлүүдө?

-- Эң ириде мамлекет тарабынан каржылоо болуп атат. Чынын айтканда, мурунку мелдештерде да аябай колдоп келишкен. Бу жолу да уюштуруу жагын колго алышууда. Башында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов турат. Коопсуздук жагын ИИМ, ден соолук жагын саламаттык сактоо министрлиги, эл аралык мамилелерди жөнгө салууда ТИМ көмөктөшүүдө. Андан сырткары, федерация өзүбүздүн салымыбызды кошуудабыз. Ал эле эмес дүйнөлүк күрөш федерациясынын ар бир салмак ченинде жеңүүчүлөргө акчалай белек-бечкектери бар. 

1-орунга 145 миң сом;

2-орунга 72 миң сом;

3-орунга 48 миң сом болжолдуу түрдө. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер