Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымжан Козубаев: “Кыргыз волейболун Элмурза Сатыбалдиев аалам алкагына алып чыкты”

Алымжан Козубаев: “Кыргыз волейболун Элмурза Сатыбалдиев аалам алкагына алып чыкты”

24-октябрь, 09:00
1 291 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алымжан мырза, КР волейбол федерациясынын вице-президенти болуп шайланыпсың. Куттуктайбыз! Көптөн бери бул тармакка кызмат кылып келатасың. Буга чейин Бишкек шаарынын волейбол федерациясын жетектеп келдиң, демек, мындан аркы волейбол оюнун өнүктүрүү жүгүң оорлогон экен да?

-- Куттуктооңузга рахмат. Ооба, 2004-жылдан бери Бишкек шаардык волейбол федерациясын жетектеп, көптөгөн ийгиликтерге жетише алдык. Алыска кетпейли, акыркы республикалык спартакиада мелдешинде Бишкек шаарынын эркектер жана кыз-келиндер командалары чемпиондукту багынтышты. Ошону менен бирге ушу эки командадагы 12 эркек, 12 кызга “КР волейбол оюну боюнча спорттун чебери” деген наамы берилди, бул бир эле чекесин айттым. Албетте, убакыт өтө берет экен. Оюнду мыкты деңгээлде, бизден кем эмес уюштура турган азаматтар куйрук улаш келатышканы жүрөк жылытты. Анан КР волейбол федерациясынын президенти Элмурза Ракыевич менен кеңешип, ордумду жаштарга өткөрүп берүүнү сунуштадым. Ал киши өз учурунда мени көп жылдардан берки волейболго кошкон салымымды эске алуу менен өзүнүн вице-президенти кызматына чакырды, аны четке кага албадым. Анан сиз айткандай, мындан аркы жүгүм оорлоду, аны менен бирге жоопкерчилик да күчөдү.   

-- Волейбол федерациясын Элмурза Сатыбалдиев 10 жылдан ашык убакыттан бери жетектеп келатат. Эл аралык алкакта биздин оюнчуларыбыз жеңишке жетишип, байгелерди багындырып жатышат. Элмурза Ракиевичтин салымын канчалык деңгээлде баалайсың?

-- Кыргыз волейболун аалам алкагына, анын ичинде Азияга алып чыккан адам Элмурза Сатыбалдиев болду. Кыргыз волейбол оюну көкбөрү сыяктуу эле республикабыздын булуң бурчуна тарады, кенен жайылды. Тиги жагы айыл-кыштактарда, бу жагы район-облустарда, андан ары өлкө ичинде, сыртында ойнолуп, учурда аябай популярдуу болуп атканы Элмурза Ракиевичке жана анын ишенимдүү командасына байланыштуу десем жаңылбайм. Чыныгы генерал, спорт күйөрманы жана кыргыздын патриоту, топ дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган азамат уулу! Мен дайыма “Кыргыз волейболу дегенде Элмурза Сатыбалдиев деп түшүнөбүз. А Элмурза Сатыбалдиев дегенде кыргыз волейболу деп түшүнөбүз” деп айтып келем. Анткени, федерация президенти болуп келген алгачкы күндөн баштап топ чапмай оюнун болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрдү. Мурунураак эркек балдарыбыз чет мамлекетке легионер оюнчу катары барып, кыргыздын атын чыгарып келген болсо, жакында эле үч кызыбыз коңшу Казакстанга, алардын күчтүү командалары менен бирге машыгууга жөнөттүк. Мындай нерсе эгемендик алган жылдан бери бир да жолу болгон эмес.

-- Азия алкагында өз күчүбүздү сынап келебиз. Анткен менен Азияда биздин тишибиз өтпөгөн командалар да жок эмес, буга кандай карайсың?

-- Туура айтасыз. Волейбол Кыргызстанда бир мүнөт да токтобошу керек. Эң ириде мектеп окуучуларынан өз убагында тарбиялап, өстүрүп, таптай турган мезгил келди. Мурун биз чоң окуу жайга келгенде же чоң мелдештерден гана көрүп калып тандоо кылат элек. Азыр жер-жерлерди кыдырып, топко шыктуу, ынтызар балдарды ийге салуу максатында комплекстүү иштерди кылууну максат кылып атабыз. Андан сырткары, мектеп окуучулары арасында байма-бай мелдештерди өткөрүүнү пландап атабыз. Мурун деле бар болчу. Бу жолу күчөтүү жагына басым кылуудабыз. Аны менен катар улуу муундун, орто муундун, ардагерлер арасында мелдештин санын арбын кылуудабыз. Албетте, сиз айткан Азия чөлкөмүндө менменсиген күчтүү командалар жок эмес, бар. Биз аларга тиш кайрый турган мезгил деле бышып жетилип калды. Жөн жерден багынып бербейбиз. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, бизден да мыкты оюнчулар, мыкты топ чапкыч, мыкты команда чыгарына толук кандуу ишенем. Мындан сырткары, волейбол оюнун баары эле сүйө бербейт, таланттуунун таланттуусу, шыктуунун шыктуусу гана волейболго келип, кашык каны калгыча машыгып, анан барып оюндун үзүрүн көрөт. Жөн жерден эле мыкты топ чапкыч чыга бербейт. Биз андайларды мектеп партасынан таап, колубуздан келген жардамды берип, керек болсо чоң окуу жайга окутуп, андан аркысына жол ачып берүүбүз керек. Мына ошондо пайдубалыбыз бекем болот жана Азия алкагында, андан аркы аалам алкагына чыга алабыз деп ойлойм.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер