Евро-2020 жана олимпиада өтпөй калуу коркунучунда
Футбол боюнча Европа чемпиондугу коронавирустун жайылышынан улам өтпөй калуу коркунучунда. Бул тууралуу УЕФАнын вице-президенти Мишель Ува журналисттерге берген маегинде билдирди.
“Биз азыр күтүү фазасындабыз жана абалга байкоо жүргүзүп жатабыз. Бирок, болбой калышына жеткирбегенге аракет кылабыз, жагдай оорлошуп кетсе гана спорт токтойт” дейт ал.
Турнирдин матчтарынын айрымдары Римде өтмөк. Учурда Италияда 200дөн ашуун адамдын коронавирусту жуктуруп алганы, 6 киши өлгөнү белгилүү. Мындан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ошондой эле коронавирустун жайылышынан улам 2020-жылкы олимпиада оюндары да өтпөй калуу же башка убакытка жылып кетүү коркунучу бар экендиги айтылган. Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү Дик Паунд эгерде турнирди белгиленген убакта өткөрүүгө мүмкүн болбосо, анда болбой калышы да мүмкүн экендигин айткан.
Олимпиада-2020 оюндары 24-июлдан 9-августка чейин Японияда өтүшү керек болчу.
Aryba.kg