Кылчайнашкан мелдештер эми башталат
Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык мелдештери аягына чыга жаздап, түнкү мелдештер менен бүтмөк. Не дейли? Эми алдыда сегиздик, чейрек, жарым жана финалдык мелдештер. Дагы деле Европа чемпиону ким болот (?) деген суроо ачык бойдон калууда. Фоворит катары Италия командасы финалдык мелдешке чейин барары көп айтылууда. Ошол эле учурда Бельгия, Голландия жана Англия командаларынын да мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң. Эми алдын ала айтыш кыйын. Топ тоголок, кайсы командада спорттук фортуна күчтүү болсо, ошол команда жеңишке жетип, негизги мөрөйдү алат.
Финалдык мелдештер кандай жагдайда ойнотулат?
Сегиздик финалга чыккан командалар ортосундагы мелдеште тең чыгуу же “итжыгылыш” деген болбойт. Негизги берилген убакытта жеңүүчү аныкталбаса, кошумча убакыт, анда да тең чыгуу катталса, 11 метрлик топ тебишүү менен жеңүүчү аныкталат. Жеңилгендер үйүн көздөй шалпыйып кете берет. Үчүнчү орун үчүн атайын беттешүү орун алган эмес.
Сегиздик финалга чыккандар (дагы толукталат):
Италия, Уэльс, Бельгия, Дания, Голландия, Австрия, Чехия, Англия, Швеция, Франция, Швейцария, Хорватия. Азырынча ушулар. Булардын катарына дагы 4 команда кошулат. Алар бүгүн билинет.
Бомбардирлер:
Азырынча үч топ менен Ромелу Лукаку (Бельгия), Криштиану Роналду (Португалия), Патрик Шик (Чехия) жана Джорджиньо Вейналдум (Голландия).
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити