Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Көбөнов: “Кыргызстанга миллионер болуп кайтып келем, колуктумду бактылуу кылам”

Данияр Көбөнов: “Кыргызстанга миллионер болуп кайтып келем, колуктумду бактылуу кылам”

16-январь, 16:53
8 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Грек-рим күрөшүнүн балбаны, дүйнө чемпиондугунда коло, үч жолку Азия чемпиону, КР эмгек сиңирген спорт чебери Данияр Көбөнов менен баарлаштык. Океандын ары жагындагы жашоо күрөшү, жалгыз бойлук менен коштошуусу, алдыда миллионер болуу максаттарын ортого салды.

-- Кыргызда “өңгөнү коюп Манасты айт” дейт, жашоо турмушуңдан кеп сал, океандын ары жагында элең, жакында мекениңе кайтып келгениң биздин окурмандарга кызык...

-- Америкага эң биринчи жолу мындан 10 жыл мурун барып, бир жыл үч ай жүрүп келгем. Акыркы үч жыл Америкада жашап келем. Жүзү курусун, үйлөрдүн чатырын жаап иштеп көрдүм. “Трак” дешет, жанагы жүк ташуучу чоң машинелерди айдадым. Чала бүткөн үйдү алып, аны подключ жасап, сатып бизнес кылдык. Кагылдык, согулдук, көрбөгөндү көрдүк. Бирде майталкан жашоо, бирде каражаттан муктаждыгы кендирди кести. Жашоонун өйдө-төмөнү мени чыңалтты, такшалтты, көзүмдү ачты.

-- Бизнес деп кеттиң...

-- Сурат агай, бизнес бул спорт сыяктуу нерсе экен. Жакшы бизнес кылгың келеби, анда аябай жакшы даярдыктар керек экенин түшүндүм. Кечээ эле күрөш килемине келе калып, даярданбай туруп дүйнө чемпиону болом деген чоң  жаңылыштык сыяктуу. Биздин көпчүлүк балдар бир күндө эле байып кетем деп адашып жүргөндөр көп. Акча табуунун тилин билүү оңой-олтоң иштерден эмес экенин көпчүлүк адамдар түшүнбөйт, жөндөй албайт экен. Көп каражатты бизнеске салдым. Бирде иш оңдой берди болсо, көпчүлүк учурда “күйүп” кетип аттым. 

-- Англис тили кантип атат? Ал жерде тил чоң роль ойнойт эмеспи?

-- Туура айтасыз, тил билбесең, билимиңди тереңдетпесең алдыга жылуу мүмкүн эмес. Америкада көбүнчө тил билген кыргыз балдар менен жүрдүм. Бирок, өз алдыңча иш кылам десең бир топ кыйналасың. Учурда тил үйрөнүү максатта атайын курстарга барып, жылыш болуп атканын өзүм да байкап атам, Кудайга шүгүр. 

-- Ошондо кайсы бизнес тармагына багыт алууну көздөп атасың?

-- Кыймылсыз мүлк деп атам. Бул Америкада келечеги чоң экен. Кыргыз балдарынын жаңыдан өздөштүрүп аткан тармактардын бири экенине көзүм жетти. Ушул жаатты мыкты өздөштүрүп, ыгын билген адамдын кеп-кеңештерин угуп, анан баштасам деп атам, даярдыктар күч. Эмне үчүн дегенде, жалгыз өзүңө кыйынчылык болуп калары турулуу иш.

-- Ал эми спорт кантип атат?

-- Спортту таштаган жокмун. Кайда болбоюн, спорт – менин жашоом. Америкада грек-рим күрөшү анча эмес. Алар джиу-джитсу менен массалык түрдө машыгышат. Мен үчүн жаңы спорт болсо да алгачкы өздөштүрүүлөрүм жаман эмес. Мүмкүн жакынкы арада мелдештерге чыга баштайм. Кыргызстанга келген учурда грек-римден сырткары эркин күрөш менен машыгуудамын. Боксту жакында баштайм. Ар дайым формада жүрөм. 

-- Кыргызстанга сентябрдын аягында келдиң эле, жөн келген жоксуң, себептери барбы?

-- Ооба, жөн келбедим. Ойдо жок иштер болуп кетти. Колоктоп жалгыз жүрө бербей үйлөнгөнү келдим. Тагдырдын буйрук жазуусунан адам качып кутула албайт экен. Эң негизги себеби ушул.

-- Биз түшкөн “торго” түшкөн экенсиң да? Анда ушунча болду колуктуң менен кандайча таанышып, канча жыл кыз-жигит болуп дегендей... Сен эми ала качкан жоксуң да?

-- Мындан жети жыл мурун Айгүл менен таанышып, кыз-жигит болуп киного барып, сейил багында колтукташа сүйлөшүп жүргөн элек. Ал кезде баш кошуу же түбөлүк үй-бүлө очогун куруу маселесинде салмактуу сөздөр козголгон эмес. Экөөбүздүн ортобузда абдан жылуу мамиле болгон. Ата-энесин сырттан таанычу элем. Атасы күрөш боюнча СССР спортунун чебери Мирбек Ыргымбаев. Эмнегедир мен Америкага, Айгүл болсо окуусун бүткөндөн кийин эл аралык карым-катнаш боюнча ишин улантып бирде Европада, бирде Кыргызстанда дегендей. Быйыл ошол эле Америкада жүргөндө агайым “Данияр, сен сүйлөшүп жүргөн Айгүл менен байланышың барбы? Азыр деле турмушка чыга элек турбайбы?” деп калды. Мээме “тык” эле дей түштү. Айгүлдүн байланыш телефонун эптеп таап, Америкадан кат жазыша баштадык. Жок жерден туруп эле “Айгүл, мен сени алайын, үйлөнөлү. Бактылуу кылайын” дедим. Ал “точно бактылуу кыласыңбы?” деп эки кайталап сурады. Мен да эки кайталап “ооба, бактылуу кылам!” деп жооп бердим. Ошентип сиз айткан, сиздер түшкөн “торго” мен да түшүп калдым (күлүп).

-- Айгүл экөөңөр баш кошконуңарды укканбыз. Бирок, күркүрөтүп той бербедиң го?

-- Ал ортодо Айгүлдүн ата-энеси “кыз узатуу” кылды. А биз 8-октябрь күнү үйлөнүп, кыргызча эле бүтүрдүк. Эки күн чакан тойдон кийин экөөбүз Бали аралына учуп кеттик. Үйлөнүү тойго кетире турган акчаны ошол жакка жумшап, 16 күн аралдын баарын кыдырдык, келатып сиз барып келген Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында болдук, ошо. 2019-жылдын күз айлары мен үчүн абдан күтүүсүз болду. 37 жашымда колуктулуу болдум, бактылуумун, чексиз бактылуумун. Айгүл менин чындап эле оң кабыргам. Акылдуу, зээндүү, билимдүү, ата-энесинин мыкты тарбиясын алган кыз.

-- Кайрадан Америкага кетет деп угуп калдым, ушу чынбы? 

-- Ооба, Америкага кийинки жумада аттанам. Алдыга койгон “миллионер болом” деген асыл максатым үчүн улуу күрөш уланат. Орегон штатында квартирада турам. Айына 800-900 доллар төлөйм. Ал жерде достор, жердештер күтүп турат. Дагы бир жолу айтам, Кыргызстанга миллионер болуп келем, колуктум Айгүлдү бактылуу кылам. Кыргыз жигиттерин канткенде миллионер болууну үйрөтөм.

-- Токио олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн кимдер жолдомо алчудай?

-- 60 килограммда Калы Сулайманов, 67 килограммда Марлен Асикеев, 77 килограммда Кайрат Түгөлбаев, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков. Ал эми Атабек Азизбековдо болсо жолдомо бар. Жүрөгүм туюп турат, бу жолу биздин грек-рим балбандары сөзсүз байгелүү орундарга жетет. Мындан сырткары да мыкты балбандарыбыз бар. Азырынча айтуу кыйын, күрөш килеми көрсөтөт... 

-- Кыргызстанда грек-рим күрөшү кайсы бир чекке жетип, андан ары аша албай аткандай сезилет. Бир жерге такалып калбадыбы?

-- Туура баамдагансыз, мурун да айттым эле, азыр да кайталайын, Кыргызтанга эл аралык бийик деңгээлдеги машыктыруучу керек. Ооба, ансыз деле биздин балбандар, машыктыруучулар аалам алкагында күчтүүлөрдүн катарына кирет. Бирок, эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу жан үрөп иштеп берсе, биздин грек-рим күрөшү мындан да күчтүү болмок.  


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер