Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Турганбаев: “Эң негизги максатым – Азия алкагына Кыргызстанды таанытуу”

Мелис Турганбаев: “Эң негизги максатым – Азия алкагына Кыргызстанды таанытуу”

27-апрель, 14:54
4 372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мелис мырза, жакында эле Алматы шаарында төрт жылда бир өтүүчү Азия генералдык ассамблея күрөш кеңешинин конгресси болгонунан кабарыбыз бар. Конгрессте аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайланганыңды угуп калдык. Ошондон кеп урчу?..

-- Туура айтасыз, конгресс ар төрт жылда бир жолу өтөт. Быйыл Алматы шаарында болду. Эң ириде Бүткүл дүйнөлүк жалпы күрөш федерациясына өзүмдүн талапкерлигим тууралуу арыз менен кайрылгам. Кеңири программамды жөнөткөм. Алтымыштан ашык өлкөнүн өкүлдөрү Азия ассамблеясынын аткаруу комитетине мүчөлүккө документтерин тапшырыптыр. Анын ичинен 14 адамды өз тандоолорунан өткөрүп, Алматыда боло турган конгресске жөнөтүшүптүр. Добуш берүүнүн натыйжасында жети адам шайландык: Мен, Даулет Турлыханов (Казакстан), Ли Кеннет Оливер (Корея), Жанг Йе (Кытай), Аль Магреби Абдулла (Йемен), Буянделген Пельджи (Монголия) жана Фукуда Коджи (Япония) мына ушулар. 

-- Даулет Турлыханов кайрадан Азия федерациясынын президенти болдубу?

-- Ооба, ошо жаңы шайланган жети адам президентти шайладык. Ал Даулет болду. Ушуну менен ал жигит экинчи мөөнөткө кетти. Калгандарыбыз вице-президентпиз. 

-- Эмне максатта Азия жалпы күрөш федерациясынын аткаруу комитетине мүчө болууну кааладың?

-- Негизи эле Азия күрөш федерациясы абдан абройлуу уюм. Аткаруу комитетине мүчө болуш андан да авторитеттүү. Болгон жалгыз максатым – Азия алкагында Кыргызстанды таанытуу, анын ичинде кыргыз спортуна салым кошуу. Өзүңүз билгендей, биздин балбандар жеке эле Азия чөлкөмүндө эмес бүткүл дүйнө жүзүндө таанымал. Кандай болгон күндө да баары бир балбандарыбызга кайсы бир деңгээлде колдоо кылууга мүмкүнчүлүк болот. Ошол эле учурда Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүүгө таламын талашып турушум керек. Каба уулу Кожомкул, Раатбек Санатбаев атындагы турнирлердин макамын көтөрүп, эл аралык деңгээлге алып чыгуу керек. 

-- Күрөш боюнча дүйнө кубогу деген мелдеш бар. А Азия кубогу деген мелдеш жок. Ушуну да караштырсаңар болобу? 

-- Андай мүмкүнчүлүк болот. Биз, жанагы жети адамдын ар биринин функционалдык кызматы болот. Ошол эле учурда Азия алкагына тийешелүү маселелерди биргелешип чечүү жактарын карайбыз. Билинбеген көп жумуштар бар экен. Анын баарын айтып отурса сөз түгөнбөйт. 

-- Конгрессте Токио олимпиадасы маселе катары көтөрүлдүбү?

-- Чоң талкуу болду. Япондор өлгөн-талганда да өткөрөбүз деп турушат. Бирок, пандемия ойлогон ойду, көздөгөн максаттарды толук кандуу иш жүзүнө ашырбай жатканын алар да түшүнүшүүдө. Айласы кеткенде көрүүчүлөр жок болсо да өткөрөбүз дешүүдө. Бир аз да болсо убакыт бар. 

-- Токио темасын улайлы. Алдыда лицензия бере турган дагы кайсы мелдеш калды?

-- Болгарияда өтө турган предолимпийский мелдеш бар. Ар бир салмак ченинен эки адамга жолдомо берилет. Грек-римден эки баланы, кыздардан бир кыз, эркин күрөштөн үч балбанды алпарабыз. Дагы 2 же 3 лицензия алганга аракет кылабыз. 

-- Соңку суроом болсун, “добуш берүү менен” деп кеттиң. Ошол жерде ким канча добуш алды, сыр болбосо?

-- Эч кандай сыры жок, Даулет Турлыханов 22 добуш, меники экинчи болуп 19 добуш алдым.      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер