Эркек балалуу болбой, эки кызын күрөш менен машыктырган ата
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылынын тургундары Айзат жана Бурулай Ажыбековалар 2 жылдан бери күрөш менен машыгып, ийгиликтерди багынтууда. Спортко кантип келип калышканын жана алардын алектенүүсүнө айланасындагылар кандай карашарын аймактык кабарчыга айтып беришкен.
«Биз үй-бүлөдө 4 кызбыз. Эркек бала жок болгондуктан атам бизди эркек баладай көрөт. Улуу эжем менен кичүү сиңдим назик кыздар. Ал эми мен жана сиңдим Бурулай эркек балдардай элебиз. Басканыбыз, дене мүчөлөрүбүз, мүнөзүбүз эркектердикиндей. Мен 15 жашта болсом, сиңдим 13 жашта. Эки жыл мурда Бурулай күрөшкө катышып баштаган. Ийгиликтерди багынтып, медаль жана дипломдорду үйгө алып келгенде менин да кызыгуум артып кетти. Атам дароо мени колдоп, машыктыруучуга өзү ээрчитип барып тапшырды», - деди ал.
“Турмуш”