Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжигит АЛЫКУЛОВ: “Европанын күчтүү командасында ойногум келет”

Гүлжигит АЛЫКУЛОВ: “Европанын күчтүү командасында ойногум келет”

30-декабрь, 00:13
981 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Беларустун футболдук “Неман” командасында жарым коргоочу милдетин аткарып аткан биздин жердеш 19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов (кадимки эле раматылык куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу) Кыргызстандын 2019-жылкы “Мыкты футболчусу” наамын багындырды. Кечээ ФФ КР жыл мыктылары жыйынында аныкталды. Мындай наамга Беларустун “Динамо” оюнчусу Валерий Кичин жана Бангладештин “Абахани Лимитед” командасынын оюнчусу Эдгар Бернхард белгиленген эле. Гүлжигитке 2-3 суроо берип, жообун алдык.

-- Гүлжигит, наам кут болсун! Кандай сезимдесиң?

-- Мен үчүн аябай күтүүсүз болду. Аванс катары берилгенин туюп атам. Абдан кубанып турам. Бул жеңиш жеке эле меники эмес, бүткүл команданыкы катары баса белгилегим келет. Баарына, мени колдоого алган топ тепкичтерге, досторго, ага-туугандарыма ыраазычылыгымды билдирем. 

-- Канча жашыңдан баштап футболдосуң?

-- 11 жашымда келгем. Болгондо да Бишкектин айтылуу “Дордой” клубунда баштагам. Ушул даражага жеткеним үчүн Аскар Салымбековго терең ыраазычылык. Эмнеге дегенде, Кыргызстанда футбол жаатына абдан көп убактысын, көп каражатын кетирип, меценаттык ишбилгисин арнап келет. Эгер ушул адамдай түшүнүктүү ишкерлерден дагы төрт-бешөө болгондо, эбак эле Кыргызстандын футболу мындан да мыкты деңгээлде өнүкмөк. Азия чемпионатында мыктылардын мыктысы болуп калмакпыз.

-- Кыргызстандын курама командасына качан келдиң?

-- Топ күйөрмандары билсе керек, быйылкы сезондо баштадым. Болгону төрт оюн улуттук курамда ойноп, күчтүү делген атаандаштардын дарбазасына 4 топ киргизгенге үлгүрдүм. Улуттук курамга Кыргызстандын башмашыктыруучусу Александр Крестинин чакырды. Алгач “запастык скамейкада отуруп калсам керек?” деп баргам. Андай болбоду. Оюнга шыр эле киргизди. Азырынча машыктыруучум мага нааразы эмес.

-- Чет элдик командаларга чакырып атышабы?

-- Толтура сунуштар келүүдө. Анын баарын кылдат караштырып атам. Себеби, бир команда көп акча сунуштайт, а бир команда болсо “түп-ордуң менен кел, майкөл-сүткөл болот” дешүүдө. 

-- А сенчи?

-- Негизи футболчуга, спортчуга көп акча керек, ал жашыруун сыр эмес. Мага акча экинчи планда. Биринчи планда Европанын күчтүү командаларынын биринде ийгилик жаратсам (!) деген изги тилегим бар. Азыр Беларустун “Неман” командасындамын. Кантсе да Европага жакын, Европанын стилинде ойношот. 

-- Оюн талаанын кайсы жеринде ойногон сага ыңгайлуу?

-- Жарым коргоочумун. Бир учурда күтүүсүздөн чабуулга чыгып, атаандаштарды жүдөтүп коём, бир учурда коргонууга келе коём. Ушул позиция мага жагат.

-- Сага эмне жетишпей жаткансыйт?

-- Жетишпеген нерсе болбойт. Ар нерсенин убакыт-сааты бар. Азыр 2-3 атаандашты алдап өтүүгө кудуретим жетип атса, кийинчерээк ылдамдыгыма басым кылам. Болгону 19 жаштамын, баары алдыда да...


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер