Максат МАМЫТКАНОВ, саясат талдоочу: “Профсоюзду тыкыр текшерүү зарыл”
-- Жогорку Кеңеште профсоюз боюнча маселе көтөрүлдү. 754 миң адамдан профсоюз взносуна кармалганы кандай? Эмне деген акча? Профсоюз уюумун ким текшере алат?
-- Ооба, бул тууралуу ЖКнын жыйынында маселе козголду. Буларды эч ким текшербейт. Акчаны кай жакка коротушту өздөрү билет экен. Депутаттардын суроолоруна түз жооп берүүнүн ордуна кайра коркутуп отурушат. “Ушундай профсоюз бизге керекпи-кереги жокпу?” деген суроо жаралат. Буларды тыкыр текшерүү зарыл. Текшерүүдөн кийин өз жазаларын бериш керек. Биринчи булардын баарын текшерип туруп, ошондон кийин жазалоо шарт. Бизге СССРден профсоюздан канча мүлк калды? Эмне үчүн профсоюз уюму мамлекетке отчет бербеши керек? Өлкөбүз боюнча 754 миң адам профсоюздун мүчөсү экен. Эгер ар бир мүчө айына профсоюз үчүн 100 сомдон эле төлөсө 75 400 000 сом же 1,1 млн. доллар болот. ЖК депутаты Данияр Төлөнов “айына канча акча түшөт, ал кайда жумшалат?” деген суроосун узатты. ЖКнын бул жыйыны “Ким жинди? Өзүң жинди?” дегендей элес калтырды. Кумтөрдө иштеген профсоюз мүчөлөрү тарабынан да айына оңой эмес каражат которулат. Деги мунун баарын буга чейин ким текшерүүгө алып келген? Эч ким текшерген эмес. Профсоюз эмне үчүн мамлекетке отчет бербейт? Мунун баарын тыкыр иликтеп, көзөмөлгө албаса абал чатак.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА