Акыркы кабарлар
» Саясат » Камчы Көлбаевге байланышы бар орган кызмакерлери да жазаланууга тийиш
Камчы Көлбаевге байланышы бар орган кызмакерлери да жазаланууга тийиш
24-сентябрь, 18:00
675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жалпы криминалдан, алардын элементтеринен тазалануу машакаты жүрүп жаткан чакта, адилеттүү таризде иш уланышы керек. Айрымдарды калкалоо жарабас. Мисалы, убагында Камчы Көлбаевге келиндей жүгүнгөн генерал, полковниктер азыркы учурда ар кайсы системаларда шугулданып жүрүшсө, айрымдары пенсияга чыгып кетишкен. Буларды таразалоо оңой эле. Кылмыштарды жаап-жашыргандар ИИМде, УКМКда илээшип калышканбы? Андай болсо беттерин ачып, мыйзамдын алкагында жазалоо зарыл. Ошондо гана чыныгы криминалга каршы аёосуз күрөштүн натыйжасы уланат. Атпесе, абал жакшырбайт.
"Азия Ньюс" гезити