Коңгуроо! Узакбаев менен Табалдиевдин байлыктары текшерилбейби?
Жаңы бийликтин коррупцияга каршы аракети колго аларлык. Садыр Жапаров баш, Камчыбек Ташиев төш болгон бийлик башындагыларга Жылдызкан Жолдошева бир чети туура айтып жатат, себеби коррупцияга күрөш тандалма болбошу керек. Дегеним, Жумалиевди дыкат текшерип, ичкен-жегени аныкталса, “кустуруш” керегин эл да күтүп жатат. Жумалиевден кем эмес дагы бир эргул бар, Эмил Узакбаев деген. “Кирсельхозтехниканын” директору болуп турганда мамлекеттин менчигин итбекер менчиктештирип алганы жалганбы? Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонун дыкат текшерип коюш керек го? Себеби, Садыгалиева көчөсүндөгү мурунку сельхозтехниканын кампалары, техникалары мамлекетке кандай иштеп, кандай салык төлөшөт? Ошондой эле качып жүргөн мурунку чекист Бусурманкул Табалдиев да Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүндөгү мурунку культоргдун кампаларын менчикке чыгарып, ижарага берип, азыркыга чейин чартаңбай тээп жүргөнү кандай? Айтор, мындай экс-чиновниктерге чекесинен олуттуу суроолорду узата берсек болот. Булар чын эле мыйзамды бузушса, жоопко тартылып, мамлекеттин мүлкүн кайтарып алчу мезгил келдиби?
"Азия Ньюс" гезити