Акыркы кабарлар
» Саясат » Ош ШИИБ начальниги Мамасейитов өздүк курамга жакпай баштаптыр
Ош ШИИБ начальниги Мамасейитов өздүк курамга жакпай баштаптыр
20-март, 14:31
1 885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Таңгалдырат эй! Ош ШИИБ начальниги Акылбек Мамасейитов ээлеп отурган кызматына ичи чыкпай, деңгээли министрдин орун басары экенин айтып түгөтө албай жүргөнү ыраспы? Бул жагынан өздүк курамдагылар уу-дуу сөз кылышып, Акылбектин текебер мүнөзүн жактырбай жатышыптыр. Өзүн акылдуу, кыйын сезе берсе, көпкө узабай калбайбы? Учурда иши менен деле анчалык көрүнө албай, кылмыштуулукка каршы күрөшүүсү солгун экени айтылууда. ИИМ жетекчилерди тандоодо профессионалдуулугуна, билимине, деңгээлине жана адамгерчилигине да караш керек. А болбосо “крышасы” күчтүүлөр менен акчалуулар алдыга озо беришсе, качан оңолмок элек?
"Азия Ньюс" гезити