Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Кудайбергенов “кескелдириктей куйругун кесип” кете берет тура...

Бакыт Кудайбергенов “кескелдириктей куйругун кесип” кете берет тура...

25-февраль, 13:36
1 793 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Бакыт Кудайбергеновдун өткөн чагына кылчайып көрүп, аргасыздан түңүлүүгө дуушар болдук. Убагында Туйгунаалы Абдраимовдун арты менен “Ысык-Ата” курортуна директор, кийин аталган райондун акими, Чүйдүн губернаторлугуна чейин жеткен. Алмазбек Атамбаев да колдоп, карьералык секиригине жардам бериптир. Тилекке каршы, кечээги устаттарын Сооронбай Жээнбеков бийликке келери менен сатып, жүз үйрүп кеткенин шаардын жогорку тарабы эле айтууда. Баса, бул эргул Иса Өмүркуловду да жамандап жүргөнүн кайда жашырабыз? “Өз агасын агалай албаган өзгөнүн эшигин сагалайт” демекчи, сый-урматтын баркын билбеген, адамгерчилиги жагынан аксаган адам кимди жыргатат? “Кескелдириктей куйругун кесип”, ким бийликке келсе эле куда-сөөктөр тарабынан мамиле жасап, кошомат кыла жүгүнө береби? Аныгында, Бакыт Кудайбергенов кадр катары профессионал эмес, эптеп жүргөн бирөө да. Берилген буйрукту да чала аткарат. Жетекчилик дарамети чектелүү, билими тайкы, кыскасы, Бишкек шаарыбызды артка тартат. Ансыз да мэрияда кадр саясаты бузулуп, өзүнө окшогон “башкармалар” айгайлап жүрүшкөндө, элибиз буларды карап отуруп, кандай жыйынтыкка келет ыя? Гезиттин өткөн санында жазылгандай, “Башкарма мэр” Бишкекти колхоз кылбайбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер