Акыркы кабарлар
» Саясат » Дастан Бекешов КТРКнын жетекчилигин айыптап, БШКга кайрылды
Дастан Бекешов КТРКнын жетекчилигин айыптап, БШКга кайрылды
28-декабрь, 18:18
1 430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов коомдук телерадио берүү корпорациясынын үстүнөн БШКга даттанды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат булактарына кабарлады. Маалыматка караганда, депутат КТРКнын жетекчилигин мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө айыптаган.
“Дастан Бекешов 23-декабрда саат 19:00дөн 20:00гө чейинки убакта КТРКнын эфиринде Кыяс Молдокасымов президенттик башкаруу формасын колдоп үгүт жүргүзгөнүн, мындай аракет мыйзамга каршы келерин белгилеп, КТРКнын жетекчилигин жоопко тартууну талап кылды” деди басма сөз кызматкери.