Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык Шер-Нияз: “Көз караштар келишсе, Садыр Жапаров менен сүйлөшүүгө даярмын”

Садык Шер-Нияз: “Көз караштар келишсе, Садыр Жапаров менен сүйлөшүүгө даярмын”

12-ноябрь, 02:23
1 437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият тармагынын өкүлү, экс-депутат Садык Шер-Нияз 9-ноябрда президенттик шайлоого катышуу чечимин билдирди. Буга байланыштуу биздин редакция ага бир канча суроолорду узатып, кызыктуу жоопторду алды. 

-- Президенттик шайлоого катыша турганыңыздын негизги себеби эмнеде? 

-- Мен өзүм маданияттын өкүлүмүн. Бирок, акыркы кездери өлкөдө идеологиялык мүчүлүштүктөр кетип жатат. Биздин мамлекет парламентаризм жолун тандап алган. Эми ал жолдон артка кайтмай болууда. Мен парламентаризмди колдоп келгем жана колдойм. Бул жааттан Өмүрбек Бабановго үмүт арткам. Бирок, ал дагы өз принциптеринен кайтты. Ошондуктан өлкөмдүн келечеги үчүн идеялардын салгылашуусуна аттандым. Дагы бир негизги себеби, Садыр Жапаровдун жаңы багыт алуусунда маданият өкүлдөрүн артка таштап салуусу болду. Башкача айтканда, ал биздин үндү, биздин ойду уккан жок жана биз тараптан ташталган кадамдарды кабыл албай кетти. 

-- Демек, сизге кийинчерээк Садыр Жапаров жактан сүйлөшүү демилгеси түшсө, сиз дагы принциптериңизден кайтышыңыз мүмкүнбү? 

-- Эгер андай кадам болсо жана биздин көз караштар эске алынса, сүйлөшүүгө даярмын. Жапаровду эч нерсеге карабай өз принциптеринен тайбаган адам катары тааныйм. Ошондуктан, ал дагы менин чечимимди туура кабыл алат (!) деген ойдомун. Мен үчүн биринчи орунда президенттик кызмат эмес, парламентаризмди коргоо жана идеялардын күрөшүнүн маданияттуу түрүн көрсөтүү турат. Буга кошумча, көптөгөн аттуу-баштуу адамдар менин позициямдын акырына чейин корголушун күтүшүүдө. Демек, мен принциптен тайып, орто жолдон кайтпайм. 

-- Шайлоого катышуу чечимин жеке өзүңүз кабыл алдыңызбы? 

-- Ооба, бул чечимди өзүм кабыл алдым. Дегеле мени менен пикирлеш, санаалаш саясатчыларга акылдаштым. Албетте, кеңештер жүрдү, мындан ары да уланат.

-- Шайлоодо жеңишке жетүүгө ишенимиңиз кандай? Сизди колдогондордун көпчүлүк бөлүгүн кимдер түзүшү мүмкүн? 

-- Жеңишке жетүү пайызым төмөн экенин билем. Ал эми колдоочулардын көпчүлүгүн интеллигенция өкүлдөрү түзөрүнөн үмүттөмүн. Дагы позицияма жана программама жараша эл мен тарапка ооп кетүүсү ыктымал, ишеним бар. 

-- Программаңыз даярбы? 

-- Дээрлик даяр. Учурда юридикалык жана экономикалык жактан жолго салынууда. 

-- Шайлоонун таза өтүшүнө көзүңүз жетеби? 

-- З0 пайыз ишенем. Мурда таза шайлоого болгон ишенич нөл болчу. 


Мээрим Асанова

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер