Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтобек Үсөнов: “Кайтар дүйнө... Атамбаевдин жертөлөдө жатканы кандай?”

Токтобек Үсөнов: “Кайтар дүйнө... Атамбаевдин жертөлөдө жатканы кандай?”

28-октябрь, 21:01
1 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Фейсбук колдонуучу Токтобек Үсөнов Алмазбек Атамбаевдин жертөлөдө жатканына каршы экенин жазып чыкты.

Москвага окууга бара турган болуп калдым. Менде кайдагы акча? Көп кишилер мага чын дилден жардам берип жатышты. Артык агай, Эрнест агай, Темир агай, Акжол байке, Фархад байке... Эң көп салым кошкондордун анабашы Садык агай болду. Ал ЖК трибунасынан туруп, ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдон акча сурады. Ал киши башын ийкеп, сөз бергени менен акча берген жок. Өкмөткө кат жаз дешти, кат жазсам, кайра өз катым ылдый түшүп отуруп, өзүмө келген. С.Жээнбеков ошентип жардам берген (а кишиге таарынбайм деле).

Ошентип, тааныштардын сунушу менен президент А.Атамбаевге кат жазмак болдум. Өкмөт башчы игнор кылган соң, ал киши деле бербесе керек деп ойлодум. Бирок, ошол кезде аппаратта иштеген жакшы адамдардын аркасы менен менин катым президенттин өзүнө жетип, А.Атамбаев мен сурагандан көп сумманы өз фондунан бөлдүрүп берген. Менин кубанычымда чек жок эле! Ошентип окуп калгам Москвада...

Окуумду бүтүп келдим, Атамбаев бийликтен кетти. Досу сатып кетип, түрмөгө түштү. Көп кишилер, жакындарым дагы кеңеш кылып, “азыр эч бир жакта чындык жок. Бирөөнү колдойм деп пост чыгарып жаман көрүнүп эмне кыласың?” дешчү. Анүстүнө Атамбаев деле чылкый таза эмес дешчү... Ошентип, бир да жолу чуркап барып коргоп калбасам дагы, бир жолу а кишини колдоп, атүгүл пост жазганга жараган жокмун. 

А бүгүн Атамбаевдин СИЗОнун жертөлөсүндө, муздак жерде жатканына чындап жаным ачыды. Ал киши менен тааныш болбосом дагы, качандыр бир кезде мага кылган жардамы үчүн ушул постту жазгым келди. Себеби, кыргызда айтат эмеспи, бир жолу туз таткан жериңе миң жолу салам айт” деп.

Эмнеси болсо да Атамбаевдин жертөлөдө жатканына каршымын. Ал кишиден минтип өч алуу жигитчилик эмес! Мыйзам сыртында каалагандай иштерди жасай берүүнүн арты эмне менен бүтөрүн тагдыр беш жылда эле көргөзөт экен. 

Андыктан, азыркы бийликтеги Садыр Жапаров, кулагыңызга күмүш сырга кылып сиңирип алыңыз, болбосо, кайтар дүйнө деген ушул. Сиздей кыйынчылыкты көргөн адам мындай даражага түшпөйт деп ойлогом. Себеби, “ошонун баары болбош үчүн иштейм, мен көргөн кордукту эч ким көрбөсүн!” деш керек го деп ойлойм. А болбосо, адамдыктын дагы, ажолуктун дагы кадыр-баркы, сүрү бир тыйын болуп калат эмеспи!”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер