Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулайманов жашыруун “кусабы”?
Кудайдын ичи кенен экен да. Коомдогу булганган адамды карагыла, элге акыл айтып, акчанын күчү менен алдыга озуп, доор сүрүп жатат. “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” сыйкыры бар беле?
Өткөн жумада Элдар Сулайманов “Матраимовго жакын депутаттар бизди ыңгайсыз кылбай кетип калышпайбы?” деген мааниде маек бериптир. Айла жок, тобоо келтиресиң да. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” дейт эмеспи. Элдардын атасы Нурлан Сулайманов коррупцияга айыпталып, Кыргызстандан безе качып кеткенин биз унута элекпиз. 206 миллион сом “жегенин” прокуратура тергеп чыгып, кылмыш ишин козгогонун кантесиңер? Бул билингени эле, а көмүскөдөгүсү канча? Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, министр, депутат болгон Нурлан Сулайманов учурда эң бай адамдардын катарында турат. Эмнегедир күч органдары көрбөйт, же жашыруун “кусуп” береби? Элдин акчасына баласы Элдар мандат алып, тайраңдап жүрөт го? Оштогу мончосун эле 2 миллион долларга куруп, бизнес кылып жатышат. А башкасын айтсаң, төбө чачың тик турабы? Кыскасы, чектен чыга көөп кетишти. Бүгүн суралышпаса да, келечекте келе турган бийлик ата-баланы адилеттүү тергеп, “жеп-ичкендерин” мамлекетке төктүрөбү?
Ток этерине келсек, коррупция мөөрү чекеге басылгандай эле образдуу элестейт. Ооба, жазасын алып, тоногонун мамлекетке төкмөйүнчө сөз ырбай берет да. Эзилген элдин ырыскысын энчилеп алып, кантип тирүү басып жүрөт? Баса, Нурлан Сулайманов өкмөт башчы Акылбек Жапаровго көмүскөдөн кеңеш айтып, жол, транспорт тармагын тейлеп атканы каңкууланган. Ошондо кутулбайбызбы э?..
"Азия Ньюс" гезити