Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. “Биримдик” партиясы сөзсүз жеңишке жетишет!

“Биримдик” №1. “Биримдик” партиясы сөзсүз жеңишке жетишет!

02-октябрь, 22:57
1 776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жеңиш аянтында “Биримдик” саясый партиясынын үгүт иштеринин аяктоо аземи ѳттү.

      Борбордогу Жеңиш аянтында “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы үгүт иштеринин жабылуу иш-чарасын өткѳрдү. Ага партиянын төрагасы Марат Аманкулов, орун басары Төрөбай Зулпукаров жана аймактардан келген партиялаштар, жаштар канатынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышышты.

    Үгүт ѳнѳктүгүнүн жабылуу аземи Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюудан башталды, анткени, биздин бул күнгө жетишибиз үчүн аталарарыбыз өз өмүрлѳрүн аяшкан эмес.

    Партия лидери Марат Аманкулов сөз сүйлөп, 4-октябрда кыргыз эли партияларды же алардын лидерлерин эмес, өзүнүн келечегин тандай тургандыгын айтты. 

    “Биз, “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясы” патриоттуулук... ширелген платформада турабыз. Биздин негизги баалуулуктар – бул эгемендигибиз, көз карандысыздыгыбыз, Кыргызстандын территориясынын бүтүндүгү. Бул баалуулуктар биздин партиянын программасында жазылган”, - деди ал.  

     Андан соң төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров сөз сүйлөдү. “Үгүт ѳнѳктүгүндѳ Кыргызстанды түрө кыдырып чыгып, партиябыздын идеологиясын, максатын, жалпы эл кабыл алганын байкадык. Бизди, жүздөгөн, миңдеген, миллиондогон кыргызстандыктар колдоду. “Биримдик” өз тизмесинде жалпы улуттун башын бириктирди, татыктуу кадрларды жыйнады, ошондуктан бизди жалпы кыргызстандыктар колдойт деген чоң үмүтүбүз бар”, - деди Зулпукаров. 

     Талапкер Галина Кетованын айтымында, үгүт иштеринин жүрүшүндө партиянын идеялары элге жетти. “Алдыда бизди кызыктуу жол күтүп турат, адам эмгек менен өсөт”, - деди ал. 

     Андан соң 7 облустан келген өкүлдөр сүйлөштү. 

     Бишкектен келген Валентина Тен буларды айтты: “Мен Кыргызстанда төрөлдүм, окудум, иштедим. Кыргызстан менин мекеним, анын гүлдөп өсүшүн каалайм. “Биримдик” партиясы кыргызстандыктардын жашоосун алдыга алып барарын тастыктады. “Биримдик” биздин келечек!”, - деди ал. 

    Ош шаарынан келген Асылай Кайыпбек кызы: “Ош облусунун карапайым эли “Биримдик” партиясынын талапкерлерин колдоп аларына ишенебиз. Ош облусунун кѳп улуттуу калкы дайыма мамлекеттеги туруктуулукту, ѳсүп-ѳнүгүүнү   колдоп келет. Алдыдагы шайлоого карата кѳптѳгѳн партиялар ѳздѳрүнүн программасы менен тааныштырып, эл арасында үгүт иштерин жүргүзүштү. Кѳптѳгѳн партиялардын арасынан “Биримдик” партиясынын программасы элге жеткиликтүү жана түшүнүктүүлүгү менен айырмаланат. Партиянын саясатын элге жеткирүүдѳ, партиянын лидерлери жана талапкерлери буга чейин кѳп иштерди жүргүзүштү”.

    Чүй облусунан келген Рузана Ниязова “Биримдик” партиясы менен гана жеңишке жете алабыз” деди. “Биздин облуста 40тан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт, партиянын аты айтып тургандай, баарыбыз бириксек өнүгө алабыз, ошондуктан партиянын идеологиясын, программасын колдоого чакырам”, - деди ал. 

     Талас элинин атынан келген Тилек Кудакеев “партиянын катарына кирген тажрыйбалуу командага добушуңарды бергиле” деп чакырды. “Биримдик” эл менен бийликтин ортосундагы кѳпүрѳ болуп берет. Таласта 90% тѳѳ бурчак айдалат, тышкы рынокко алып чыгуу, ички рыноктун жоктугу чоң көйгөй. Ошондуктан Таласка кайра иштетүүчү логистикалык борбор керек. Ушундай региондордун көйгөйлөрү, ар бир кадамды ишке ашыруу партиянын программасында камтылган. “Биримдик” 4-октябрь күнү сөзсүз элден колдоо табат”, - деди ал. 

    Ысык-Көл облусунан келген Урматова Саламат: «Биз шайлоочулар менен жолугушууда куру убадаларды берген жокбуз, буга чейин кылган иштерибизди, элге болгон кызматыбыздын жыйынтыгын айттык, программабызды жеткирдик»,- деди.

    “Биримдик”, албетте, жеңишке жетет! Анткени биздин партия берген убадасын аткарат жана бекеринен шайлоо бюллетенинде №1 эмес! Эл өз добушун жаркын келечекке, билимдүү балдарыбыз үчүн жеткиликтүү медицинага, гүлдөп өскөн Кыргызстан үчүн берет. 

    Нарын облусунан келген Эстебесов Болот «Биримдик» партиясы бизди, нарындыктарды алдыга койгон асыл максаттары менен толук ынандырды” деди. «Биримдик» партиясына болгон ишеним бекемделди. Жалпы Нарын облусунун   шайлоочулары «Биримдик» партиясын тандап, колдоп жатышат. Мына ушул тагдыр чечүүчү күндө «Биримдик» партиясы менен бирге болгондор өлкөнүн келечегине, жаштардын келечегине кайдыгер карабагандар деп эсептейм. «Биримдик” алга!”, - деди ал. 

     Баткенден келген Азатбек Курбанбеков: - Мен Баткен облусунан жиберилген өкүл катары, ар бир көрсөтүлгөн колдоону, берилген баталарды жеткирип келдим. Баткен эли “Биримдик” партиясынын программасына ынанды жана бул партияга колдоо көрсөтөрүн билдирди. Баткен эли – “Биримдик” партиясы менен!”, - деди ал. 

        Иш-чаранын соңунда филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев ак батасын берип, партияга ийгилик каалады.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер