Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украинадан шоумен Зеленский чыккан да, бизде Максат ажы баш көтөрөбү?

Украинадан шоумен Зеленский чыккан да, бизде Максат ажы баш көтөрөбү?

28-январь, 17:41
843 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бийлик-оппозиция кайым айтышып, абактагы саясатчылар айбат көрсөтүшүп, улам активисттер камалышып, эки жээктин күрөшү күчөп бараткандай. Мындай жагдайда караңгы коомчулуктан Максат ажы Токтомушев упай алып, аброюн барган сайын жогорулатып, интернет айдыңында үгүт-насаат тасмаларын жайылтууда. Колдоочулары күн сайын көбөйүп баратат. Өзгөчө Чубак ажы өлгөндөн кийин анын тарапташтары, аудиториясы кеңейип, арбып кеттиби? Соцтармактарда Максат ажы Токтомушевди алкагандар, президентке теңегендер да чыгууда. Мунун акыры эмнеге алып барышы мүмкүн? Карапайым катмар саясатчылардан, интеллигенциядан тажап турган чакта, кезектеги аламанда, же алдыдагы шайлоодо Максат ажыны колдоп кетишпейби? Эске салсак, Украинада шоумен Зеленскийди тандап алышкандай, кыкеңдер артка, орто кылымга кетишип, молдону көтөрүп чыгышса кантесиңер? Ошон үчүн күмүш сырга катары коомчулукту заманбап билимге, туура тандоого шыктандырып, алдыга өсүүгө гана умтулуу керек. Өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөө үчүн ириде диний агымдарды саясатка аралаштырбай, чөптөн жапыз абалда кармоо максатка ылайык эле. Тилекке каршы, бизде даават, шарыят айткандар популярдуулукка ээ болуп,   кайда баратабыз? Эртең баары кеч болуп, чыканагыбызды тиштеп калбасак экен!  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер