Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Замандашта” акча калбай калса, электораты башкаларга ооп кетеби?

“Замандашта” акча калбай калса, электораты башкаларга ооп кетеби?

22-сентябрь, 15:36
1 658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эх, өкүнүчтүү! Жеңиш Молдокматов арканды алыс ыргытканда не? Шайлоого жетпей эле “Замандаш” партиясы каражаттан каржалып, какшып калганы тар чөйрөдө талкууга алынууда. Эми эки жумага жетпеген убакытта эмне кылышат? 

Алдыга умтулган атаандаш партиялар күпүлдөшүп, кирген суудай эле оргуштай башташты. Улам марага жакындаган сайын жеңишке жете тургандар камчы салышып, каражаттарын арбын чачышууда. “Замандашчылар” болсо бозүйдө божурашып, пиар кампаниядан да артта калышканы маалым. Албетте, таза, көптү үмүттөндүргөн саясый күчтү мүдүрүлтүп алышты. Курамында Мелис Турганбаев, Элмурза Сатыбалдиев өңдүү генералдар, Тимур Саралаев, Жакшылык Матанов сыяктуу жалындуу жаштар бар болчу. Булар парламентке келишсе, эл үчүн иштөөгө дит коюшмак. Шайлоочулар баалашмак да, туурабы? Ушунчалык жылуу ойлор, суроолор жоопсуз калганы кандай? Тилекке каршы, партиянын штабында акча калбай калса, колдоочу электораты башкаларга ооп кете беришеби?..

Aryba.kg 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер