Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Текебаев шайлоого барбагандан кийин “Ата Мекендин” абалы чатак!

Өмүрбек Текебаев шайлоого барбагандан кийин “Ата Мекендин” абалы чатак!

23-август, 13:38
807 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Мекен” партиясынан Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Асия Сасыкбаева парламенттик шайлоого баруудан баш тартышты. Жаштарга орун бошотуу максатын тандап алышканын айтышты, бирок, эл ичинде ар кандай түшүнбөстүктөр жаралууда. Өмүрбек Текебаев өзү партиянын тизмесинде жок болгондон кийин, анын электораты башка оппозициялык күчтөргө ооп кетишери белгилүү. Шайлоо күрөшүнүн эрежеси, табияты ушундай. “Ата Мекенди” жаштар баштап алганы менен алардын электораты, келечекке карай үмүт берген шамчырагы болбосо, абал кантет? Эгерде башында Өмүке өзү турса, жок дегенде тизмеде кала бергенде кеп башка эле. Негизи “Ата Мекендин” алдыңкы жыйырмалыгында капчыктуулар аз экенине караганда, чоң жарышта мукурап, акчалуу партиялардын чаңында калып калат го? Же радикалдуу оппозициялык маанайда кете алышпаса, айтор, кыйын болуп калды. Алдыртан эле шанстарын алдырып жиберишкенин эскперттер да саймедирей башташты эй! Темир Сариев да “Ата Мекендин” перспективасы жок экенин айтып, чыгып кетпедиби. Эгерде келечеги, таасири болгондо лөктөр чогулушмак да, туурабы? 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер