Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупжан Жээнбеков: “Премьер-министр “калтасын” укалап эле отура береби?..”

Жусупжан Жээнбеков: “Премьер-министр “калтасын” укалап эле отура береби?..”

21-август, 10:25
1 555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жусупжан аке, Бишкекке качан келдиңиз? Ошто саясат кандай болуп атат?

-- Бир жума болуп калды, неберелер менен келгенбиз. Учурдагы пандемия алдыга койгон бир аз жакшы пландарымды өзгөртүп койду. Ошто эле дарбып атат десем, бул жагың андан бетер экен. Ал жакта биздин жанды койбой “паланча партиядан келдим, түкүнчө партияданбыз” деп эки күндүн биринде эле эшиктин алдында турат. Чынын айтканда, бийликтин партиясы кичине мектептегилерге, врачтарга кыр көрсөтүп, мойнун бурамай адатына түштү. Кээ бир бай партиялар алдын ала сатып ала баштаганы айтылууда. Бир добуштун баасы беш миң сомго аванс катары берип атканын уктум. Шайлоо күнү да берилет имиш. Андайды уккан жаным чачымды жулуп, “урдум ушу шайлоону” дегим келип атат.

-- Шайлоону уруп эмне кыласыз?..

-- Тарапташтарым көп чыгып атат. Чөнтөгүмдө кичине тыйын-тыпырым болбой атат да, болбосо атайын комитет-бригада түзүп, “баарына каршы салгыла” деп үгүт жүргүзүп бузуп салганымда, бирөөсүн саясат жактан, экинчисин акча жагынан банкрот кылмакмын.

-- Буга чейин сизге кайсы бир партиядан “сиздин артыңызда да сандаган эли-журтуңуз, шайлоочуларыңыз бар. Биздин партияга кошулуңуз” деп сунуш түшкөн жокпу?

-- Кудайга шүгүр эле болуп атат, алар-булардан айттыруулар жок эмес, аны жашырып не? Ошонун баары эле тыйынга такалып атат. Азыр мурункудай болбой калды. Партия мафиясыз иштебей атат да. Мурун кандай эле? Жадагалса үйлөрүнөн өйдө сатып партияга мүчө болуп келип алгандар тыйындарын чыгара албай калышты. Ал эми партия лидери талапкерден “депутат кылам” деп алды. Кийин министрликтерди бөлүп алып, добуш бермей жерге келгенде алар өз акчасын эки эсеге чыгарып алды. Мындайча айтканда, эки тараптан пайда көрдү. Бул жолу андай болбой атат. Угушума караганда, 300-400 миң доллар берип аткан имиш. Менде андай акча жок, менде электоратым бар. 

-- Парламенттик шайлоо тынч өтөбү? Сиздин божомолуңуз кандай?

-- Алдын ала көрөгөчтүк кылгандай болбоюн, бирок оюмду айтайын. Эгер күздөгү парламенттик шайлоодо бийлик бут тосуп, кол ийрисине тартса, карапайым эл толкуп, кээ бир таасири тийген жерде чыр чыгып кетиши мүмкүн, андайды мен каалабайм. Экинчи маселе, бу сапар элге жагыш үчүн көпчүлүгү оппозициялык партияга кетип атпайбы. Булар канчалык деңгээлде чын? Эгер чындап эле оппозицияга кетип, парламентке башка да оппозициялык партиялар өтсө, көпчүлүк болуп калса, анда азыркы бийликтин күнү бүткөнү дей берели. 

-- Кантип?

-- “Биринчи эле парламенттик жыйында спикерди шайлап туруп, эртеси эле бийликти кетирүүгө амалдар көрүлбөйбү?” деген ойдомун. Дүйнө эли коронавирус менен гана күрөшүп атса, биз ошол эле пандемия, саясат менен дагы чапкылашып күрөшүп калат окшойбуз. 

-- Пандемия боюнча оюңуз кандай?

-- Биринчиден, ушул илдеттен каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Улуу Ата мекендик согушта да мындай болбогон. Элди кырып алып, премьер-министр “биз башка жол менен кетип атабыз” деп атат, бул акмакчылык! 140 миллион доллар дайынсыз жок. “Бир адамга 3000 доллардан дары-дармек кетип атат” дегени кызылдай жалган болуп чыгып атат. Анын дарысы жок болуп атса, эмне менен дарылады? Экинчиден, баардык эле жерлерде пандемиядан кайтыш болгондордун баары учетко алынган жок. Болжол менен бүгүнкү 1500 адамдан 4-5 эсеге көп болгону айтылып атат. Дагы жакшы, Кудайга миң мертебе шүгүр, ортодон ыктыярчылар чыга калып, колдон-буттан алып, капыл-тапыл киришпегенде, мындан да чатак иш болмок. Муну моюнга алышыбыз керек. Ошол эле маалда бийлик “волонтерлордон гумжардамды албагыла” деп дарыгерлерди кыса баштады. “Сен кийлигишпе, мен кылып атам” дегенсип. Анысы аз келгенсип, премьер-министр “4 млн. 200 миң адам оорушу мүмкүн” деп атат. Бу жигит ушуга чейин “мүмкүн” менен эле келатат. Ушул МЧСте өмүр бою иштеген адамдын айта турган кебиби? Алдын ала эмне кылып атат? “Тиги мүмкүн, бу мүмкүн” деп калтасын укалап эле отура бериши керекпи? Келечекке сактануу режими деген бар, кана анысы? Түшүнүксүз...

-- Келечек деп калдыңыз, эмнеден үмүтүңүз бар?

-- “Үмүтсүз шайтан”, эң башкысы, шайлоону тынч өткөрсөк деген ниетим бар. Жаштарыбыз өркүндөсө, ала чаппаса, “чалдар, өлгүлө” дебестен, “ушулардын туура жолго багыт алчу акыл-насаатын уксак, үйрөнөлү” дешсе. Заманыбыз тынч болуп, коронавирустан эртерээк кутулалычы. Кудайдан тилегеним ушул.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер