Акыркы кабарлар
» Саясат » Акүй Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановго өчөшкөндө
Акүй Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановго өчөшкөндө
14-июнь, 22:53

Ушундай. Акүйдүн “Барбаросс планы” боюнча “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” партиялары саясый талаадан сүрүлүп чыгып, жер менен жексен болору кабарланды. Эки партиянын лидерлери башынан бийлик эгелерине жакпай келишкени, мындай ыңгайдан буларды пайдаланып туруп, алсыратып таштоо жагы каралып атыптыр. “Мекеним Кыргызстан” партиясына кире албай койгон Бакыт Төрөбаев кайсы тоого урунары белгисиз, азырынча жайытын таппай ээнсиреп жүргөн чагы. Ал эми Алтынбек Сулайманов “Ата Мекен” партиясынан үч орундукту брондоп койгону – дубалдан үн чыккандай эле угулду.
Aryba.kg