Баатырова улам бир министрликти талкалап, тарыхта калабы?

Саламаттык сактоо тармагында чеке жылытарлык иш кылбаган, жөндөмсүз, бирок кошоматчы Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жетектей баштады. Эл баарын карап турат. Бул айымдын жөн эле жүргөнү таңгалдырууда. Жетишкени – Айгүл Жапарова менен курбу болуп алганы. Ошонун урматы үчүн сыйга татып, улам бир тармакка которулуп, кооз жашоосун баштан кечирүүдө. А мамлекет үчүн эмне эмгек жасады? Саламаттык сактоо тармагында кылдай да ийгиликке жетишпей, тескерисинче, баарын артка тартып, жөн эле кабинет кайтарып отурду. Реформанын “р” тамгасын түшүнбөй кетти. Эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин сазга батырып, биротоло талкалап, жолго түшөбү? Өкүнүчтүү. Ушундай тажрыйбасыз, демилгеси жок кадрдын айынан элибиз азап чегиши керекпи? Баатырованын уяты болсо, “колуман келбейт экен, иштей албайм” деп эле кетип калбайбы? Эрксизден баш чайкайсың да.
"Азия Ньюс" гезити