» Саясат » Айбаттуу Азимбек Бекназаров бийликтин шаштысын кетире баштады окшойт...
Айбаттуу Азимбек Бекназаров бийликтин шаштысын кетире баштады окшойт...
06-сентябрь, 09:00
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кемпир-Абад чуусу менен камакка алынган Азимбек Бекназаров ден соолугу калыбында болбосо да саясый кумардын күүсүнөн жанбай, бийликке каш кайтарып, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө ой-пикирлерин ачыктап, түрмөдөн кат жазып, каршылык көрсөтүүнүн демдүү үлгүсү менен баратат. Оодарышта такшалган “карт бөрү” эмеспи, элди ойготууга салым кошуп, курч билдирүүлөрү аркылуу көңүл бурдурууда. “Тамчы ташты тешет” дегендей, улам ыргыткан саясый соккулары жыйылып отуруп, аягында олуттуу баш ооруну жаратпайбы? Азимбек Бекназаров үзөңгүлөшү Алмазбек Атамбаевдин бийлигин гана жеңген жок, Сокени багындырып, Малайзиядан элчилик кызматты алган. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди тактан кулатууга үлкөн салым кошкон. А бул жолу кандай таасир жаратат? Азырынча айбаттуу, аягына чейин күрөшсө эмне болот? Билинбегени менен бийликтин шаштысын кетирип атат окшойт... Бирок, оппозицияда биримдик байкалбай, чачкын тартышы максатка жетүүнүн кедергисиби? Анан калса, “Биз каршыбыз” кыймылын түзүү менен элди үгүттөп, соцтармактан да батыл иштей баштады. Бүйүр кызытабы?