» Саясат » Мурда камалган Бактыбек Мураталиев Ленин округунан мандат үчүн күрөшүүдө
Мурда камалган Бактыбек Мураталиев Ленин округунан мандат үчүн күрөшүүдө
15-май, 11:05
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
2018-жылы мамлекеттик мүлк фондусунун төрага орун басары Бактыбек Мураталиев “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен камакка алынган. (Бул экс-губернатор Байымбет Мураталиевдин баласы). Тагдырдын тамашасын кара, убагында мамлекетке зыян келтирип, түрмөгө түшсө... Убакыттын өтүшү менен Бактыбек Мураталиев артын тазалап алып, эми Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышып жатат. Кечээги күнүн эстеп, тыйылып калбай, моралдык жоопкерчиликти тебелеп, саясатка аралашкан кербези. Мындай жаштар турганда душмандын да кереги жокпу? Натыйжада, Ленин округу “кой терисин жамынгандардан” абайлап, туура тандоо жүргүзүшсө (!) деген гана ой.