Акыркы кабарлар
» Саясат » Ыя, ИИМ? Даниэль Ажиев “жинди” болсо, айдоочулук күбөлүктөн ажыраш керек эле
Ыя, ИИМ? Даниэль Ажиев “жинди” болсо, айдоочулук күбөлүктөн ажыраш керек эле
18-март, 12:00
1 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Веб-камера студияларын иштеткен Даниэль Ажиев камалгандан кийин Кызыл-Жарга жатып, “жинди” деген справка алып алганы белгилүү. (Бул боюнча ЖМКларга жарыяланган). Кылмыш ишинен кутулуу үчүн барса керек. Акыл-эси айныган адам эл аралык деңгээлде “порно-бизнести” өркүндөтүп, миллионерге айланбайт да. Дагы бир орчундуу маселе, “жинди” адамдын автоунаа айдаганга укугу чектелет. Мыйзам жол бербейт. Ал эми Даниэль Ажиев кымбат баалуу “Рендж Ровер”, “Гелендваген” жолтандабастарын минип жүрөт. “Справкасы” бар жаранга айдоочулук күбөлүк бериле береби? ИИМ бул жагын тескебейби? Же Кыргызстанда акчалуулар өз билгендерин кыла беришеби? Балким Даниэль Ажиевге ИИМдеги “крышалары” жашыл жарык күйгүзүп, “алдейлеп” алышкан кербездериби?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити